# 205-берене. Кош салык салууну четтетүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 27-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-205>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-205.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 205-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-205

---

1. Чет мамлекетте салык төлөөчү тарабынан төлөнгөн сумма Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттин ортосунда түзүлгөн, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген кош салыктан качуу жөнүндө макулдашуу бар болсо, эгерде мындай кирешенин суммасы ушул макулдашуунун ченемдерине ылайык чет мамлекетте салык салынууга тийиш болгон учурда, Кыргыз Республикасындагы салык кирешеси боюнча салыктык милдеттенмени эсептөөдө эске алынат.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган эсепке алынуучу сумманын өлчөмү Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулган ставкалар боюнча төлөнгөн салыктын суммасынан ашпоого тийиш.

3. Чет мамлекетте төлөнгөн киреше салыгынын суммасын эсепке алуунун тартиби Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

---

Мурунку берене: [204-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-204)  
Кийинки берене: [206-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-206)
