# 202-берене. Салык агентинин салыктык милдеттенмелерди аткаруу тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 26-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 29.10.2025 [Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409); 12.02.2025 [Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=36891..44293>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-202>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-202.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 202-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-202

---

1. Салык агенти тарабынан кармалуучу киреше салыгы төмөнкү айдан кийинки айдын 20сынан кечиктирбестен бюджетке төлөнүүгө тийиш:

1) киреше төлөнгөн;

2) киреше алынган.

2. Салык агенти тарабынан кармалуучу киреше салыгы салык агентинин учурдагы салыктык каттоо орду боюнча төлөнөт, ал эми обочолонгон бөлүмдөр болгон учурда - обочолонгон бөлүмүнүн эсептик каттоо орду боюнча төлөнөт.

Обочолонгон бөлүмүнүн жайгашкан орду боюнча бюджетке төлөнүүгө тийиш салыктын суммасы ушул обочолонгон бөлүмүнүн кызматкерлерине төлөнгөн жана/же жеке жак алган кирешенин жана/же түшкөн акчасынын суммасына жараша аныкталат.

3. Кыргыз Республикасындагы киреше булагынын салыгы кирешени төлөөнүн формасына жана ордуна карабастан салык агенти тарабынан учурдагы салыктык эсепке алуу орду боюнча салык төлөөчүнүн салык милдеттенмеси келип чыккан айдан кийинки айдын 20сына чейин бюджетке эсептелет жана төлөнөт.

Ушул бөлүктүн максаттарында кирешени төлөө деп ушул Кодекстин 248-беренесинин 4-бөлүгүндө белгиленген төлөмдөр түшүнүлөт.

4. Эгерде жеке ишкерге төлөнгөн төлөмдөрдү, жана/же жеке ишкердин түшкөн акчасын жана/же патенттин негизинде жеке эмгек ишин жүзөгө ашырган жеке жактын түшкөн акчасын кошпогондо, салык агенти жеке жакка төлөнгөн жана/же жеке жак алган кирешеден салыкты кармабаса же толук кармабай калса, анда салык агентине ушул салык милдеттенмелерин аткаруу боюнча милдеттер жана анын аткарылбагандыгы үчүн жоопкерчилик ушул Кодекске ылайык жүктөлөт.

(КР 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [201-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-201)  
Кийинки берене: [203-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-203)
