# 201-берене. Салык агенти менен эмгек мамилесинде турбаган жеке жакка кирешелерди төлөп берүүдө салык агентинин салыктык милдеттенмеси

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 26-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 31 июля 2025 года № 185 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам уменьшения налоговой нагрузки населения и субъектов предпринимательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230031070)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 31.07.2025 [Закон КР от 31 июля 2025 года № 185 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам уменьшения налоговой нагрузки населения и субъектов предпринимательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230031070); 12.02.2025 [Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=34825..36891>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-201>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-201.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 201-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-201

---

1. Аны менен эмгек мамилесинде турбаган жеке жакка кирешенин төлөнүшү салык агентинин киреше булагы катары мындай төлөмдүн суммасынан киреше салыгын төлөө милдеттенмесинин пайда болушуна алып келет, буга төмөнкү кирешелер кирбейт:

1) кыймылсыз мүлктү же транспорт каражаттарын сатып алууда төлөнгөн;

2) ушул бөлүмгө ылайык салык салынбай тургандарга кирген;

3) жеке ишкерге төлөнгөн;

4) патенттин негизинде жеке эмгек ишин жүзөгө ашыруучу жеке жакка төлөнгөн.

2. Салык агентине таандык, бирок аны менен эмгек мамилесинде турбаган, жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууга, такси кызматына жана курьердик кызматка тапшырык берүү үчүн колдонулуучу салык агентинин маалыматтык тутумун пайдалануу менен иш жүргүзүүдөн жеке жак тарабынан алынган киреше салык агентинде киреше салыгын төлөө милдетинин пайда болушуна алып келет.

3. Баштапкы эсепке алуу документтери жок сатып алынган товарлары бар салык төлөөчүлөргө салык агенти катары киреше салыгын кармоо жана төлөө боюнча милдеттенме жайылтылбайт.

(КР 2025-жылдын 12-февралындагы № 37, 2025-жылдын 31-июлундагы № 185 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [200-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-200)  
Кийинки берене: [202-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-202)
