# 200-берене. Жумуш берүүчүнүн салык милдеттенмелери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 26-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 31 декабря 2025 года N 262 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения, социального страхования и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230038461)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 31.12.2025 [Закон КР от 31 декабря 2025 года N 262 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения, социального страхования и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230038461); 29.10.2025 [Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409); 23.07.2024 [Закон КР от 23 июля 2024 года № 136 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и социального страхования"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011207)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=44293..45757>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-200>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-200.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 200-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-200

---

1. Киреше булагы менен эмгек мамилелеринде турган жеке жакка кирешени төлөө, эгерде ушул бөлүмдө башкача каралбаса, жумуш берүүчүдө киреше булагындагы катары салык агентинин милдеттенмелеринин пайда болушуна алып келет.

Киреше салыгынын суммасын эсептөө үчүн салыктарды чыгарып салууга жана/же салыктан бошотууга укугун тастыктаган документтер талап кылынса жана салык төлөөчү бул документтерди бербесе, салык агенти киреше салыгынын суммасын аталган чыгарып салууларды жана бошотууларды эсепке албастан эсептеп чыгат.

2. Салык төлөөчү салык агенти тарабынан ошол жылга ушул Кодексте каралган бирдиктүү салык декларациясын берген күндөн кечиктирбестен, өткөн жылдын киреше салыгынын суммасына таасир этүүчү чыгарып салууга жана/же бошотууга укугун тастыктаган документтерди берсе, салык агенти документтерди кабыл алууга, киреше салыгына оңдоолорду киргизүүгө, ошондой эле салык төлөөчүгө төлөп берүүгө же андагы айырма сумманы кармап калууга милдеттүү.

3. Доонун эскирүү мөөнөтүн эске алуу менен мурдагы мезгилдин алдындагы жылдарга киреше салыгын түзөтүү жеке жак тарабынан киреше салыгын эсептен чыгарууга жана/же бошотууга анын укугун тастыктаган документтерди тиркөө менен салыкты эсепке алуу орду боюнча салык органына аталган салыктык мезгил үчүн такталган БСД берүү жолу менен жүзөгө ашырылат.

4. Жумуш берүүчү төлөөчү киреше салыгын эсептөөдө, эгерде бул беренеде башкача каралбаса, төлөнүүчү кирешенин суммасы менен стандарттык чыгарып салуулардын суммасынын ортосундагы айырма салыктык база болуп саналат.

5. Эгерде кызматкердин киреше салыгы боюнча салык базасынын өлчөмү орточо айлык эмгек акынын суммасынан аз сумманы түзсө:

1) киреше салыгы боюнча салык базасынын өлчөмү салык агенти тарабынан киреше салыгы кармалуучу орточо айлык эмгек акыга тең деп кабыл алынат;

2) орточо айлык эмгек акыдан кармалуучу киреше салыгынын суммасы жумуш берүүчү тарабынан төлөнөт:

а) кызматкердин эмгек акысынан - иш жүзүндөгү эсептелген салык базасынан эсептелген киреше салыгынын өлчөмүндө;

б) жумуш берүүчүнүн каражаттарынан - орточо айлык эмгек акы менен иш жүзүндө эсептелген салык базасынын ортосундагы айырмадан эсептелген киреше салыгынын өлчөмүндө.

Учурдагы ай үчүн салык милдеттенмесин эсептөө үчүн киреше салыгы боюнча салык базасы жана орточо айлык эмгек акынын суммасы учурдагы салык мезгилинин башынан тартып кызматкер иш жүзүндө иштеген айлар үчүн жогору өсүүчү жыйынтык менен жумуш берүүчү тарабынан эсептелет.

6. Салык агенти тарабынан кармалуучу киреше салыгынын өлчөмүн эсептөөдө киреше салыгы алынбоочу киреше эсептелбейт.

7. Эгерде ушул бөлүктө башкача каралбаса, салык агентине стандарттык эсептен чыгаруу укугу эмгек келишими боюнча алынган кирешелерге карата гана жана жумуш берүүчү менен жумушчунун ортосундагы эмгек мамилелери аталган кирешелер төлөнгөн айдын ичинде 15 күндөн кем эмес мезгилди камтыган учурда гана берилет.

Эгерде эмгек мамилелери 15 күндөн аз мезгилди камтыса, ошондой эле адам башка иш менен айкалыштырып иштесе, салык агенти ушул эмгек келишими боюнча алынган кирешеден чыгарып салууну мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасында гана жүзөгө ашырууга укуктуу.

8. Айыл чарба кооперативи жана айыл чарба багытындагы соода-логистикалык борбор 2027-жылга чейинки мезгилдин ичинде салык агенттери катары жалданма кызматкерлердин эмгек акысынан ар бир жалданма кызматкерге ушул Кодекстин 187-беренесине ылайык аныкталуучу орточо айлык эмгек акыга жараша эсептелген киреше салыгынын белгиленген суммасын кармап калышат жана төлөшөт.

9. Тигүү жана текстиль өнөр жайында 2030-жылга чейинки мезгилдин ичинде салык агенти катары өндүрүштүк иш жүргүзгөн уюмдар жана жеке ишкерлер жалданма кызматкердин эмгек акысынан ушул Кодекстин 187-беренесине ылайык аныкталуучу орточо айлык эмгек акыга жараша эсептелген киреше салыгынын суммасын кармап калышат жана төлөшөт.

(КР 2024-жылдын 23-июлундагы № 136 , 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243, 2025-жылдын 31-декабрындагы № 262 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [199-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-199)  
Кийинки берене: [201-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-201)
