# 20-берене. Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары-нын ченемдерин колдонуу боюнча документтер

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 12.02.2025 [Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035); 03.04.2023 [Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112552)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=13809..27071>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 20-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-20

---

1. Ушул Кодексте так эместиктер, ылайык келбестиктер же аны колдонуу практикасында жана/же башка учурларда ылайык келбестиктер табылган учурда Жогорку Кеңеш Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишин жөнгө салуучу мыйзамдарда каралган тартипте расмий чечмелөө берет, ошондой эле аларды жоюу чараларын көрөт.

2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган салыктык укук мамилелерин жөнгө салуу үчүн зарыл болгон Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын ченемдерин пайдалануу жөнүндө суроо-талаптар боюнча 30 календардык күндүн ичинде жазуу жүзүндө түшүндүрмөлөрдү берүүгө милдеттүү.

Эгерде суроо-талапты кароо үчүн атайын текшерүүлөрдү (экспертизаларды) жүргүзүү, кошумча материалдарды талап кылуу же болбосо салык салынуучу базаны аныктоого багытталган чараларды көрүү зарыл болсо, суроо-талапты кароо мөөнөтү узартылышы мүмкүн, бирок ал 30 календардык күндөн ашпайт. Бул тууралуу чечим ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси же жетекчисинин орун басары тарабынан кабыл алынат жана арыз ээсине билдирилет. Уюмдун аталышы, ИСНи жана уюмдун юридикалык дареги жок жиберилген кайрылуулар каралбайт.";

3. Салык мыйзамдарын колдонуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын түшүндүрмөлөрү салык жана бажы кызматтарынын органдары тарабынан аткарылууга милдеттүү жана укук кор-гоо жана сот органдары тарабынан салыктык талаш-тартыштарды кароодо жана процесстик иш-аракеттерди жүргүзүүдө жазуу жүзүндөгү далил катары каралат.

4. Салык кызматынын органдары салык милдеттенмелерин аткаруу тартиби жана жол-жоболору боюнча салык төлөөчүнүн суроо-талаптары боюнча ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган мөөнөттө жазуу жүзүндө жооп берүүгө милдеттүү.

5. Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын колдонуу боюнча ченемдик укуктук актыларды чыгарат, алар ушул Кодексте каралган ыйгарым укуктарды ишке ашыруу максатында кабыл алынган учурларда колдонуу үчүн милдеттүү болуп саналат.

6. Ушул берененин 5-бөлүгүнө ылайык чыгарылуучу документтер Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу басма жана электрондук басылмаларда документтердин текстин кайра чыгаруу жолу менен, ошондой эле ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана/же ыйгарым укуктуу салык органынын ачык маалыматтык веб-сайтында жалпыга маалымдалат.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-19)  
Кийинки берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-21)
