# 196-берене. Мүлктүк чыгарып салуулар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 24-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-196>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-196.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 196-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-196

---

1. Эгерде, келишимдин предмети турак жай фондуна тиешелүү кыймылсыз мүлктү сатып алуу жана/же куруу болуп саналса, салык төлөөчү насыялык келишим жана/же банк менен ипотекалык насыя жана/же турак жай ссудасы, исламдык каржылоо келишими, мамлекеттик турак жай программасынын катышуучулары үчүн сатып алуу менен ижара келишими боюнча пайыздык чыгымдарды жоюуга жумшаган иш жүзүндөгү суммасынын чегинде мүлктүк чыгарып салуу укугуна ээ.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган мүлктүк чыгарып салуунун суммасы жылына 2300 эсептик көрсөткүчтөн ашпоого тийиш.

3. Мүлктүк чыгарып салуу салык төлөөчүнүн арызынын негизинде бирдиктүү салык декларациясын жана банктан кредит жана/же ипотекалык кредит боюнча жана/же турак жай ссудасы, же исламдык каржылоо келишими, же мамлекеттик турак жай программасынын катышуучулары үчүн сатып алуу менен ижара келишими боюнча пайыздык чыгымды жоюу эсебине акча каражаттарын төлөгөн фактысын ырастаган документтерди бергенде салык төлөөчүгө берилет.

Салык төлөөчү каза болгон же сот тарабынан каза болду деп жарыяланган учурда мүлктүк чыгарып салуу анын мураскоруна берилет. Мүлктүк чыгарып салууну алуу тартиби жана зарыл болгон документтердин тизмеги Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

4. Ушул беренеде каралган мүлктүк чыгарып салуу, эгерде салык төлөөчү турак үйдү, батирди, бөлмөнү же алардагы үлүштү, анын ичинен мамлекеттик турак жай программасынын катышуучулары үчүн сатып алуу менен ижара келишими боюнча курууга же сатып алууга чыгымдары салык төлөөчүгө жакын тууган болуп саналбаган башка субъект тарабынан кайтарымсыз негизде төлөнсө, ошондой эле мындай мүлктү сатып алуу боюнча бүтүм өз ара көз каранды жак болуп саналган жеке жактардын ортосунда түзүлсө, колдонулбайт.

5. Мүлктүк чыгарып салууга укук "Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө кирген күндөн тартып 45 календардык күндүн ичинде өз укуктары жөнүндө жазуу жүзүндөгү арыздын негизинде билдирген салык төлөөчүлөргө жайылтылат.

Мүлктүк чыгарып салууга өз укуктары жөнүндө жазуу жүзүндөгү арыз салык органы тиешелүү чечим кабыл алганга чейин салык төлөөчүнүн бирдиктүү салык декларациясын жок кылбоого негиз болуп саналат. Салык органы мүлктүк чыгарып салууга өз укуктары жөнүн-дө салык төлөөчүнүн жазуу жүзүндөгү арызы берилген күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде чечим чыгарат. Ушул бөлүктө көрсөтүлгөн салык төлөөчүлөрдүн бирдиктүү салык декларациялары салык органы тиешелүү чечим кабыл алган күндөн тартып 15 күндүн ичинде жок кылынат. Мүлктүк эсептен чыгарып салууну алуу максатында баштапкы жана такталган салык декларацияларын кабыл алууга "Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө кирген учурдан тартып жол берилбейт. Ушул бөлүктүн күчү "Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө киргенге чейин пайда болгон укуктук мамилелерге карата колдонулат. (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [195-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-195)  
Кийинки берене: [196-1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-196-1)
