# 194-берене. Стандарттык чыгарып салуулар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 24-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-194>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-194.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 194-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-194

---

Стандарттык чыгарып салуулар төмөнкүлөрдөн турат:

1) салыктык мезгилдин ар бир айы үчүн эсептик көрсөткүчтүн 6,5 өлчөмүндө - жеке чыгарып салуулардан;

2) салыктык мезгилдин ар бир айы үчүн ар бир багуудагы адамына эсептик көрсөткүчтүн бир өлчөмүндө - салык төлөөчүнүн багуусундагы адамына чыгарып салуулардан;

3) ушул Кодекске ылайык киреше салыгы салынбаган кирешелер боюнча мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча чегерүүлөрдү кошпогондо, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча чегерүүлөрдү чыгарып салуулардан;

4) салык төлөөчүнүн салыктык базасынан 8 пайыздан ашык эмес - мамлекеттик эмес пенсиялык фондго чыгарып салуулардан.

---

Мурунку берене: [193-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-193)  
Кийинки берене: [195-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-195)
