# 190-берене. Материалдык пайда формасында алынган киреше

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 23-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 августа 2026 года № 145 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230050101)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=45757..57656>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-190>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-190.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 190-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-190

---

1. Жылдык жыйынды кирешенин курамына материалдык пайданын төмөнкүдөй түрлөрүн алуудан түшкөн киреше кошулат:

1) ссуданы, пайызсыз зайымды же кредитти, исламдык каржылоону, ошондой эле карыз пайда болгон учурга карата Улуттук банктын пайызынын эсептик ставкасынан төмөн болгон пайыздык кирешеде зайымды, кредитти, исламдык каржылоону берүү;

2) товарды акысыз негизде берүү;

3) кызматкерге товар сатууда жумуш берүүчү тарабынан жеңилдик берүү.

2. Ссуда берүүдө материалдык пайдадан алынган киреше болуп, ссуда колдонулган мезгил ичинде ай сайын эсептелүүчү негизде Улуттук банктын эсептик ставкасына көбөйтүлгөн ссуданын суммасы эсептелет.

3. Зайымды, насыяны, исламдык каржылоону берүүдө материалдык пайдадан алынган киреше болуп зайым, насыя, исламдык каржылоо алынган күнгө карата Улуттук банктын эсептик ставкасына зайымдын, насыянын, исламдык каржылоо суммасынын туундусу менен зайымды, насыяны, исламдык каржылоону берген субъект тарабынан белгиленген пайыздын ставкасына зайымдын, насыянын, исламдык каржылоонун суммасынын туундусунун ортосундагы оң айырма эсептелет.

4. Товарды акысыз негизде берүүдө материалдык пайдадан алынган киреше берилген товардын эсептик наркы болуп эсептелет.

5. Жеңилдик берүүдө материалдык пайдадан алынган киреше товардын эсептик наркы менен сатуунун иш жүзүндөгү наркынын ортосундагы оң айырма болуп эсептелет.

6. Жумуш берүүчү тарабынан кызматкерге берилген материалдык пайдадан тышкары материалдык пайда формасында алынган киреше боюнча киреше салыгын эсептөөгө жана төлөөгө карата милдеттенмени салык төлөөчү өз алдынча тартат.

( КР 2026-жылдын 6-августундагы № 145 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [189-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-189)  
Кийинки берене: [191-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-191)
