# 189-берене. Жылдык жыйынды кирешенин курамы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 23-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 29.10.2025 [Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409); 12.02.2025 [Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035); 23.07.2024 [Закон КР от 23 июля 2024 года № 136 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и социального страхования"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011207); 03.04.2023 [Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112552)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=36891..44293>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-189>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-189.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 189-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-189

---

1. Салыктык мезгилдин жылдык жыйынды кирешесине ушул салыктык мезгилде салык төлөөчү акчалай, ошондой эле натуралай формада, жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр формасында алган бардык түрлөр кирет, анын ичинде:

1) кызматкердин кирешеси, анын ичинен:

а) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган эмгек акы, анын ичинде сыйакы, кепилдик, компенсациялык жана башка төлөмдөр;

б) кызматкер тарабынан эмгек компенсациясы катары алынган:

- товарлар;

- кызматкердин кызыкчылыгында аткарылган иштер;

- кызматкерге көрсөтүлгөн кызматтар;

в) кызматкер тарабынан үчүнчү жактардан алынган товарлардын, иштердин, кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын жумуш берүүчүнүн төлөп бериши;

г) өзүнүн кызматкерлерин камсыздандыруу келишимдери боюнча жумуш берүүчү тарабынан төлөнүүчү камсыздандыруу сыйлыктарынын суммасы;

2) материалдык пайда түрүндө алынган кирешелер;

3) акысыз алынган активдердин наркы, виртуалдуу активдерди кошкондо;

4) эл аралык облигациялар боюнча пайыздык кирешени кошпогондо, Кыргыз Республикасындагы киреше булагынан салык салынбай турган кирешелерден жана мурда салынган салыктардан тышкары пайыздык киреше, камсыздандыруу, анын ичинде ислам принциптери боюнча камсыздандыруу келишимдери боюнча киреше;

5) дивиденддер;

6) ушул Кодекстин 225-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган мүлктү кошо алганда, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү сатып алуунун же куруунун наркын кемитүү менен, ошондой эле оңдоого жана/же жасалгалоого кеткен чыгымдарды кемитүү менен жана/же салык төлөөчү "Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ыктыярдуу декларациялоо жол-жобосунан өткөндө атайын декларацияда чагылдырылган наркты кемитүү менен аны сатуудан түшкөн каражат;

Мүлктүн бүтүндөй объектинин бир бөлүгүн сатууда аны сатып алуунун наркы мүлктүн бүтүндөй объектинин аянтына салыштырмалуу ошол бөлүктүн аянтына пропорциялуу аныкталат;

7) эл аралык облигацияларды сатуудан түшкөн каражаттарды кошпогондо, баалуу кагаздарды, уюмдагы үлүштөрдү, исламдык каржылоого ылайык шарик/кемүүчү мушарак келишими боюнча өнөктөштүк үлүшүн сатуудан түшкөн акча, аларды сатып алуу наркын кемитүүдөн кийин;

8) субсидия;

9) моралдык зыянды компенсациялоо түрүндө алынган киреше;

10) пенсия;

11) стипендия;

12) жөлөкпул;

13) утуштар түрүндө алынган киреше;

14) салык төлөөчүнүн милдеттенмелеринин токтотулушунан түшкөн кирешелер, алар төмөнкүлөрдүн натыйжасында келип чыгат:

а) насыя берүүчүлөрдүн аласасын кечирүүдөн;

б) Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде белгиленген доонун эскирүү мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу милдеттенмелерди эсептен чыгаруудан;

в) салык төлөөчүнүн милдеттенмесин, анын ичинде салыктык милдеттенмени үчүнчү жактын аткаруусунан;

15) камсыздандыруу келишимдери боюнча камсыздандыруу суммаларынан (ордун толтуруулар);

16) роялти;

17) камсыздандыруунун топтоочу түрлөрүнөн төлөнүүчү кирешеден (камсыздандыруу же кайра камсыздандыруу келишимдери боюнча пайыздык киреше);

18) виртуалдык активдерди сатуудан түшкөн акчанын аларды сатып алуу наркынан ашкан суммасынан;

19) уюмду башкарууга катышкандыгы үчүн алынган сыйакылар менен компенсациялар формасындагы кирешелерден;

19-1) мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар үчүн жер участогун кошуп алганда, мүлктүк комплексти алып коюу (сатып алуу) үчүн алынган компенсациянын суммасынын аны сатып алуунун жана/же куруунун наркынан ашып кетиши;

20) салык салынуучу жана салык салынбаган кирешелердин башка түрлөрүнөн.

2. Киреше алынуусу күтүлүп, бирок иш жүзүндө алынбаса, киреше болуп эсептелбейт жана жылдык жыйынды кирешенин курамына кошулбайт.

3. Дивиденддерди төлөбөстөн, уставдык капиталды көбөйтүүгө багытталган банктын бөлүштүрүлбөгөн пайдасы кирешени төлөө болуп саналбайт жана салыктык милдеттенменин келип чыгышына алып келбейт.

(КР 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2024-жылдын 23-июлундагы № 136 , 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 , 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [188-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-188)  
Кийинки берене: [190-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-190)
