# 187-берене. Салыктык база

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 22-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 31 декабря 2025 года N 262 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения, социального страхования и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230038461)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 31.12.2025 [Закон КР от 31 декабря 2025 года N 262 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения, социального страхования и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230038461); 12.02.2025 [Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035); 23.07.2024 [Закон КР от 23 июля 2024 года № 136 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и социального страхования"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011207); 03.04.2023 [Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112552)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=44293..45757>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-187>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-187.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 187-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-187

---

1. Киреше салыгы боюнча салыктык база, эгер бул бөлүмдө башкача каралбаса, салык төлөөчү тарабынан салыктык мезгил үчүн алынган, салык салынбаган кирешенин суммасына кыскартылган жылдык жыйынды кирешенин жана ушул бөлүмдө каралган чегеримдердин ортосундагы айырма катары эсептелген киреше болуп саналат.

2. Эгерде жумуш берүүчү тарабынан иштелген календардык ай үчүн төлөнүүчү эмгек акынын өлчөмү ушул беренеге ылайык белгиленген орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн ашпаса, салыктык база орточо айлык эмгек акыга барабар кабыл алынат.

3. Кыргыз Республикасынын райондору жана шаарлары боюнча кийинки календардык жылга карата бир айдагы орточо айлык эмгек акы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети тарабынан аныкталат.

Орточо айлык эмгек акынын өлчөмү учурдагы жылдын 1-ноябрынан кеч эмес мөөнөттө расмий жарыяланууга тийиш.

4. Ушул берененин 2-бөлүгүнүн талаптары төмөнкү кызматкерлерге төлөнгөн эмгек акы үчүн колдонулбайт:

1) бюджеттик каражаттардын эсебинен;

2) кызматтарды айкалыштыруу боюнча;

3) кенже тейлөөчү персоналга;

4) турак жай менчик ээлеринин шериктештигинин, кондоминиумдардын, турак жай-курулуш, гараждык, айыл чарба жана багбанчылык-чарбак кооперативдеринин кызматкерлерине;

5) I, II жана III топтогу майыптарга;

6) эркиндигинен ажыратуу жайларында же поселениелерде жаза өтөө мөөнөтүндө иштеген адамдарга.

5. Салык салуу максатында кенже тейлөөчү персоналга кирген кызматкерлердин тизмегин Министрлер Кабинети бекитет.

Караңыз: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-июлундагы № 371 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 187-беренесинин 5-бөлүгүнүн талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтому

6. Толук эмес жумуш убактысы колдонулган учурда кызматкерлер үчүн орточо айлык эмгек акы жумуш берүүчү тарабынан төмөнкүлөрдүн иш жүзүндө иштеген мезгилине карата пропорциялуу колдонулат:

1) жумушка жараксыздыгы жана төрөгөндүгү боюнча жөлөк пул алгандардын;

2) толук эмес иш күнүндө иштегендердин;

3) өргүүдө, анын ичинде акы төлөнбөгөн өргүүдө жүргөндөрдүн;

4) кайрадан кабыл алынгандардын же бошотулгандардын, бир ай толук эмес иштегендердин.

7. Кластердин катышуучуларынын кызматкерлери үчүн салык базасы ушул беренеге ылайык белгиленген орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнө барабар кабыл алынат.

Ушул бөлүктө каралган кластердин катышуучуларынын тизмеги Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

8. Жеке жактар үчүн киреше салыгы боюнча салыктык база болуп жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууну, такси кызматынын жана курьердик кызматтын кызмат көрсөтүүлөрүн заказ кылуу үчүн колдонулуучу салык агентинин маалымат тутумун пайдалануу менен иш жүргүзүүдөн алынган түшкөн акча эсептелет.

Көңүл буруңуздар! КР 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 Мыйзамы менен берилген берененин 8-бөлүгүнө киргизилген өзгөртүүлөр, 2025-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирет. (КР 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2024-жылдын 23-июлундагы № 136 , 2025-жылдын 12-февралындагы № 37, 2025-жылдын 31-декабрындагы № 262 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [186-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-186)  
Кийинки берене: [188-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-188)
