# 184-берене. Бул бөлүмдө пайдаланылуучу түшүнүктөр жана терминдер

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 22-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 30 июня 2022 года № 51 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам игорной деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112384)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=1286440..1286441>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-184>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-184.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 184-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-184

---

Ушул бөлүмдүн максаттары үчүн төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер пайдаланылат:

1) утуш - оюндарга, анын ичинде кумар оюндарына лотереяларга, утуштарга, конкурстарга, мелдештерге, олимпиадаларга, фестивалдарга жана башка ушундай иш-чараларга катышуудан салык төлөөчү байге же акчалай төлөм катары ала турган кирешелердин ар кандай түрлөрү;

2) киреше - активдердин көбөйүшү, акча наркына ээ болгон материалдык баалуулуктарды алуу жана/же материалдык пайда көрүү, ошондой эле салык төлөөчүнүн милдеттенмелерин азайтуу;

3) багуудагы адам - салык төлөөчүнүн кирешесинин эсебинен жашаган, кирешеси жок, анын жакын тууганы.

(КР 2022-жылдын 30-июнундагы № 51 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [1831-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-1831)  
Кийинки берене: [185-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-185)
