# 1831-берене. Жөнөкөй шериктик келишиминин катышуучулары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 21-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 31 июля 2025 года № 185 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам уменьшения налоговой нагрузки населения и субъектов предпринимательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230031070)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 31.07.2025 [Закон КР от 31 июля 2025 года № 185 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам уменьшения налоговой нагрузки населения и субъектов предпринимательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230031070); 12.02.2025 [Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=34825..36891>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-1831>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-1831.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 1831-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-1831

---

1. Жөнөкөй шериктик деп биргелешкен иш-аракет жөнүндө келишим, ошондой эле исламдык каржылоого ылайык түзүлгөн өнөктөштүк жөнүндө келишим түшүнүлөт.

2. Жөнөкөй шериктик келишиминин катышуучулары салык төлөөчүлөр боло алышат, эгерде:

1) бардык катышуучулар салыкты жалпы салык режиминде төлөшсө;

2) бардык катышуучулар салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн тутумунун негизинде салык төлөшсө;

3) катышуучулардын бир бөлүгү салыкты жалпы салыктык режимде төлөшсө, экинчи бөлүгү салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн тутумунун негизинде төлөшсө.

3. Ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлбөгөн башка салыктык режимде салык төлөгөн, ошондой эле ушул Кодекстин 423-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун "а" пунктчасына, 2, 3, 5, 6, 8-бөлүктөрүнө ылайык салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн тутумунун негизинде салыктарды төлөгөн салык төлөөчү жөнөкөй шериктик келишиминин катышуучусу болууга укугу жок.

4. Жөнөкөй шериктештикти эсепке алууну жүргүзүү милдети жүктөлгөн субъект ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн учурларда катышуучулар дайындаган катышуучулардын бири болушу мүмкүн.

5. Келишимге ылайык жөнөкөй шериктиктин эсебин жүргүзүү милдети жүктөлгөн субъект негизги иш жана жөнөкөй шериктиктин иши боюнча өз-өзүнчө эсеп жүргүзүүгө милдеттүү.

6. Катышуучулардын мүлкүн жөнөкөй шериктикке салым катары өткөрүп берүү сатуу болуп саналбайт.

7. Жөнөкөй шериктик келишиминин шарттары аткарылгандан кийин салымдар катышуучуларга акчалай же натуралай түрдө кайтарылат. Кошулган салымдын өлчөмүндөгү кайтарым катышуучунун кирешеси болуп таанылбайт.

(КР 2025-жылдын 12-февралындагы № 37, 2025-жылдын 31-июлундагы № 185 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [183-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-183)  
Кийинки берене: [184-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-184)
