# 183-берене. Жеңилдетилген салык салынууга тийиш болгон иштин түрлөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 21-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 29.10.2025 [Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409); 31.07.2025 [Закон КР от 31 июля 2025 года № 185 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам уменьшения налоговой нагрузки населения и субъектов предпринимательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230031070); 12.02.2025 [Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=36891..44293>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-183>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-183.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 183-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-183

---

1. Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзгөчө статуска ээ болгон административдик-аймактык бирдиктин аймагынын чегинде жүзөгө ашырылуучу, жеңилдетилген салык салынууга тийиш болгон иштин түрлөрүнүн тизмегин бекитет.

Ушул бөлүктө каралган иштин түрлөрүнүн тизмегин кайрадан бекитүү берилген жеңилдиктердин натыйжалуулугун талдоонун негизинде жүзөгө ашырылат.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган аймактын чегиндеги салыктар боюнча жеңилдиктер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзгөчө статуска ээ болгон административдик-аймактык бирдиктин салык органдарында салыктык каттоосу бар жана ошол административдик-аймактык бирдиктин аймагында ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган ишти жүзөгө ашыруучу салык төлөөчүлөргө берилет.

3. Салыктар боюнча берилүүчү жеңилдиктер салык төлөөчүлөргө жайылтылат жана ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган аймактын чегинен тышкары жайгашкан алардын обочолонгон бөлүмдөрүнө жайылтылбайт.

4. Министрлер Кабинети жеңилдетилген салык салынууга тийиш болгон, алар боюнча бошотууларды берүү жана/же ушул Кодексте белгиленген ставкалардын чегинде салыктардын ставкаларын өзгөртүү менен улуттук инвестициялык долбоор же мамлекеттик маанидеги долбоор статусуна ээ болгон долбоорлорду ишке ашыруучу уюмдардын тизмегин, ошондой эле салык жеңилдиктерин берүү тартибин бекитет.

5. Салыктар боюнча жеңилдиктер ушул берененин 4-бөлүгүндө каралган уюмдарга 5 жылдык мөөнөткө берилет.

Министрлер Кабинети берилген жеңилдиктердин натыйжалуулугун талдоонун негизинде ушул бөлүктө көрсөтүлгөн салыктар боюнча жеңилдиктерди берүү мөөнөтүн кийинки 5 жылга чейин узартууга укуктуу. (КР 2025-жылдын 12-февралындагы № 37, 2025-жылдын 31-июлундагы № 185 , 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [182-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-182)  
Кийинки берене: [1831-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-1831)
