# 182-берене. Финансылык ижараны эсепке алуунун өзгөчөлүктөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 21-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-182>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-182.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 182-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-182

---

1. Финансылык ижарага берилген жана/же алынган негизги каражаттардын наркы финансылык ижара келишимин же исламдык каржылоого ылайык иджара мунтахийя биттамлик келишимин түзүү учурунда аныкталат.

2. Салык салуу максатында финансылык ижара лизинг алуучу тарабынан негизги каражаттарды сатып алуу деп таанылат.

3. Лизинг алуучу негизги каражаттардын менчик ээси, ал эми лизингдик төлөмдөр лизинг алуучуга лизинг берүүчү тарабынан берилген насыя боюнча төлөм катары каралат.

---

Мурунку берене: [181-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-181)  
Кийинки берене: [183-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-183)
