# 181-берене. Өз-өзүнчө эсепке алуу жана аны жүргүзүү эрежелери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 21-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 августа 2026 года № 145 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230050101)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 06.08.2026 [Закон КР от 6 августа 2026 года № 145 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230050101); 31.12.2025 [Закон КР от 31 декабря 2025 года N 262 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения, социального страхования и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230038461)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=45757..57656>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-181>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-181.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 181-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-181

---

1. Иштин түрлөрүн жүзөгө ашыруучу, алар үчүн ушул Кодексте салык салуунун ар кандай шарттары каралган салык төлөөчүлөр салык салуу объекттерине өз-өзүнчө эсепке алуу жүргүзүүгө милдеттүү, анын ичинде:

1) жеке ишине жана жөнөкөй шериктиктин ишине карата жөнөкөй шериктик келишимине ылайык эсепке алуу жүргүзүү милдети жүктөлгөн салык төлөөчү;

2) жеке ишине жана ишенимдүү башкарууну уюштуруучунун мүлкүн башкаруу боюнча ишке карата ишенимдүү башкаруу келишимине ылайык эсепке алуу жүргүзүү милдети жүктөлгөн салык төлөөчү;

3) ар кандай салык режимдерин колдонуу менен иш жүргүзгөн салык төлөөчү;

4) салык салуунун ар кандай шарттарына тийиштүү иштин түрлөрүн жүзөгө ашырган салык төлөөчү.

2. Өз-өзүнчө эсепке алуу салык төлөөчүлөр тарабынан бухгалтердик эсепке алуу маалыматтарынын негизинде жүргүзүлөт.

3. Иштин түрлөрүнүн ортосунда чыгымдарды бөлүштүрүүдө салык төлөөчү иштин ушул түрүнө тийиштүү көрсөткүчтөрдүн каалаганын тандап алууга укуктуу:

1) сатуудан түшкөн акча;

2) түздөн-түз чыгымдар;

3) жайлардын аянты.

Чыгымдар товардын, иштердин, кызмат көрсөтүүлөрдүн ар бир түрүнө туура келип, тандап алынган көрсөткүчтүн үлүшүнө пропорциялуу бөлүштүрүлөт. Салык салуунун ар кандай шарттары каралган иштин түрлөрүнүн ортосундагы чыгашаларды бөлүштүрүү салык төлөөчүнүн салык саясатында белгиленүүгө тийиш. Эгерде чыгашаларды бөлүштүрүү үчүн тандап алынган көрсөткүч салык төлөөчү тарабынан ушул беренеге ылайык белгиленбесе, ыйгарым укуктуу салык органы ушул беренеде белгиленген каалаган көрсөткүчтү колдонуу менен салык төлөөчүнүн чыгашаларын өз алдынча бөлүштүрүүгө укуктуу. Иштин белгилүү бир түрүнө таандык болгон кирешелер жана чыгашалар ушул Кодекстин талаптарына ылайык эсепке алуу документтери менен ырасталууга тийиш.

(КР 2025-жылдын 31-декабрындагы № 262, 2026-жылдын 6-августундагы № 145 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [180-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-180)  
Кийинки берене: [182-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-182)
