# 180-берене. Эсепке алуунун кассалык ыкмасы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 21-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 29.10.2025 [Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409); 12.02.2025 [Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=36891..44293>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-180>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-180.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 180-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-180

---

1. Эсепке алуунун кассалык ыкмасы - кирешелерди жана чыгашаларды эсепке алуу ыкмасы, ага ылайык киреше төлөм келип түшкөн күнү таанылат, ал эми чыгашалар акча каражаттары төлөнгөн күнү таанылат.

2. Эгерде салык төлөөчү акчалай каражаттарды төлөөнүн ордуна башка мүлктү, мүлктүк укуктарды, жумуштардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн жыйынтыктарын алса, киреше мүлктү өткөрүп берүү күнүндө, мүлктү же мүлктүк укуктарды өткөрүп берүү актысында көрсөтүлгөн мүлктүк укуктарды өткөрүп берүү күнүндө, ошондой эле аткарылган иштердин же көрсөтүлгөн кызматтардын актысында көрсөтүлгөн иштерди же кызматтарды кабыл алган күн таанылат.

Өз ара талаптарды эсепке алууда киреше бүтүмдүн бир тарабынын бүтүмдүн экинчи тарабынан өз ара талаптарды эсептешүү жүргүзүүгө экинчи тараптын ниетин ырастоочу документти алган күнү таанылат.

3. Эгерде салык төлөөчү акча төлөөнүн ордуна башка мүлктү, мүлктүк укуктарды, жумуштардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн натыйжаларын өткөрүп берсе, чыгашалар мүлктү же мүлктүк укуктарды өткөрүп берүү актысында көрсөтүлгөн мүлктү же мүлктүк укуктарды өткөрүп берген күн, ошондой эле аткарылган жумуштардын же көрсөтүлгөн кызматтардын актысында көрсөтүлгөн иштерди же кызматтарды кабыл алган күнү таанылат.

Өз ара талаптарды эсепке алууда чыгаша бүтүмдүн бир тарабы бүтүмдүн экинчи тарабынан өз ара эсептешүү жүргүзүлгөндүгү жөнүндө билдирүү алган күнү таанылат.

4. Мүлктү, анын ичинде баалуу кагаздарды жана негизги каражаттарды алуу, бул мүлккө менчик укугун өткөрүп берүү күнүндө чыгымдар катары таанылат.

5. Бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн тутумун колдонгон субъект, анын катары менен келген акыркы 12 ай үчүн түшкөн акчасынын суммасы:

1) 50000000 сомдон ашпаса, кирешелердин жана чыгашалардын эсебин кассалык методго ылайык жүргүзүүгө укуктуу;

2) 50000000 сомдон ашып кетсе, ушул ашып кетүүгө жол берилген календардык жылдан кийинки жылдын биринчи күнүнөн тартып эсепке алуунун кассалык методун колдонуу укугун жоготот.

6. Ушул берененин 5-бөлүгүнүн 2-пунктунда көрсөтүлгөн субъект, катары менен келген акыркы 12 айда түшкөн акчасынын суммасы 50000000 сомдон ашпаса, ал кийинки календардык жылдын биринчи күнүнөн тартып эсепке алуунун кассалык методуна кайрадан өтүүгө укуктуу.

(КР 2025-жылдын 12-февралындагы № 37, 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [179-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-179)  
Кийинки берене: [181-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-181)
