# 18-берене. Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген мөөнөттөрдү эсептөө тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 31 июля 2025 года № 185 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам уменьшения налоговой нагрузки населения и субъектов предпринимательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230031070)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=34825..36891>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 18-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-18

---

1. Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген мөөнөт календардык дата же жылдар, айлар же күндөр менен эсептелүүчү убакыт мезгилинин бүтүшү менен аныкталат. Мөөнөт ошондой эле сөзсүз боло турган окуяны көрсөтүү менен аныкталышы мүмкүн.

2. Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралган кандай болбосун мөөнөттүн аралыгы тийиштүү дата башталгандан кийинки, убакыттын же окуянын мезгили бүткөндөн кийинки күндөн тартып башталат.

Ушул Кодексте белгиленген датага чейин Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында көрсөтүлгөн мөөнөт аяктаган учурда кандай болбосун мөөнөттүн башталышы ушул дата болгондон кийинки күндөн башталат.

3. Жылдар менен эсептелүүчү мөөнөт анын акыркы жылынын тиешелүү айында жана күнүндө бүтөт. Мында жыл деп катар келүүчү 12 календардык айдан турган убакыт аралыгы саналат.

Календардык жыл деп ар бир жылдын 1-январынан башталуучу жана ошол жылдын 31-декабрында аяктоочу убакыт мезгили саналат.

4. Айлар менен эсептелүүчү мөөнөт мөөнөттүн акыркы айынын тиешелүү күнүндө бүтөт. Мында ай деп календардык ай таанылат.

5. Эгерде жылдар же айлар менен эсептелүүчү мөөнөттөрдүн бүтүшү тийиштүү күнү жок айга туура келсе, мөөнөтү ошол айдын акыркы күнүндө бүтөт.

6. Мөөнөттүн акыркы күнү жумуш эмес күнгө туура келген учурда, мөөнөттүн аяктоо күнү деп андан кийинки жумуш күнү эсептелет.

61. Мөөнөттүн биринчи күнү жумуш эмес күнгө туура келген учурларда, мөөнөттүн башталган күнү деп андан кийинки жумуш күнү эсептелет.

7. Эгерде ушул бөлүк менен башкача белгиленбесе, аткарылуу мөөнөтү белгиленген аракет ошол мөөнөттүн акыркы күнүнүн жумуш убактысы аяктаганга чейин аткарылат.

Эгерде салык отчеттуулугу электрондук документ түрүндө тапшырылса, ушул бөлүк менен каралган аракеттер мөөнөттүн акыркы күнү аяктаганга чейин жасалат. (КР 2025-жылдын 31-июлундагы № 185 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-17)  
Кийинки берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-19)
