# 178-берене. Эсеп-фактура. КНС төлөөчү тарабынан жол-жоболоштурулуучу эсеп-фактура

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 21-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 августа 2026 года № 145 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230050101)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 06.08.2026 [Закон КР от 6 августа 2026 года № 145 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230050101); 12.02.2025 [Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035); 23.07.2024 [Закон КР от 23 июля 2024 года № 136 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и социального страхования"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011207); 02.02.2024 [Закон КР от 2 февраля 2024 года № 31 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230001081); 03.04.2023 [Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112552)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=45757..57656>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-178>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-178.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 178-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-178

---

1. Милдеттүү реквизиттерден тышкары, эсеп-фактурада сатып алуучу же тапшырыкчы тарабынан төлөнүүгө тийиш болгон суммалар чагылдырылат:

1) товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатуудан түшкөн каражат;

2) товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатууга байланыштуу келип чыгуучу кыйыр салыктар.

11. Агенттик келишим боюнча агенттин эсеп-фактурасында милдеттүү реквизиттерден тышкары төмөнкүдөй суммалар чагылдырылат:

1) агенттик сый акы;

2) агенттик сый акынын суммасынан агентте келип чыгуучу кыйыр салыктар;

3) агент тарабынан топтолгон жана принципалга өткөрүп берилүүгө тийиш болгон суммалар жана/же агенттик келишимдин шарттарына жараша принципал тарабынан орду толтурулууга тийиш болгон агенттин чыгымдарынын суммалары.

2. Ушул беренеде каралган учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын электрондук башкаруу жана электрондук кол тамга жөнүндө мыйзамдарынын талаптарына ылайык эсеп-фактура электрондук документ түрүндө жол-жоболоштурулууга тийиш.

21. Салык төлөөчү электрондук документ түрүндөгү эсеп-фактуранын ордуна айрым учурларда мындай эсеп-фактураны алмаштыруучу төмөнкү документтерди жол-жоболоштурат:

1) субъекттин аталышын, анын ИСНин, төлөмдү алган адамдын паспорттук маалыматтарын, сатып алынган продукциянын санын жана наркын көрсөтүү менен, айыл чарба өндүрүүчүсүнөн же айыл чарба кооперативинен сатып алынган айыл чарба продукциясы үчүн төлөгөндүгүн ырастоочу сатып алуучунун чыгыш кассалык ордери же төлөм тапшырмасы;

2) субъекттин аталышын, анын ИСНин, продукцияны берген адамдын паспорттук маалыматтарын жана берилүүчү айыл чарба продукциясынын санын көрсөтүү менен, айыл чарба өндүрүүчүсү/айыл чарба кооперативи тарабынан, ошондой эле айыл чарба продукциясын даярдоочу тарабынан мындай продукция иштетип алма чийки зат катары айыл чарба продукциясын өнөр жайлык кайра иштетүүнү жүзөгө ашыруучу субъектке берилүүчү айыл чарба продукциясына коштомо кагаз. Иштетип алма чийки заттан өндүрүлгөн даяр продукция ушундай эле тартипте берилет;

3) банктын кызмат көрсөтүүлөрү боюнча банктын эсебинен көчүрмө, исламдык каржылоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү кошуп алганда, банк тарабынан көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөнгөндүгүн ырастоочу банктын квитанциям же төлөм тапшырмасы, ошондой эле ушул Кодекстин 221-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык чыгарып салууга тийиш болгон пайыздык чыгашаларды ырастаган банктын эсебинен көчүрмө;

4) Улуттук банктын кызмат көрсөтүүлөрү боюнча Улуттук банктын эсебинен көчүрмө же товарлар жана Улуттук банк берген, кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөнгөндүгүн ырас-тоочу башка документтер;

5) жүргүнчүлөрдү, багажды жана жүктөрдү ташуу кызматтарын көрсөтүүдө ташууларды, анын ичинде эл аралык ташууларды тариздөөнүн автоматташтырылган маалыматтык системасы менен түзүлгөн, ташуунун наркы көрсөтүлгөн электрондук документтин кагаздан басылып чыгарылган түрүндөгү, ташууну ырастоочу электрондук документтин каттамы/квитанциясы, ошондой эле электрондук документте көрсөтүлгөн каттам боюнча ташууну ырастоочу отургузуу талону, багаж үчүн - багаж квитанциясы, жүк үчүн - коштомо кагаз;

6) кыймылдуу/кыймылсыз мүлк үчүн төлөмдү ырастоочу сатып алуу-сатуу келишими, чыгыш кассалык ордери же сатып алуучунун төлөм тапшырмасы, анын ичинде төлөмдү алган жеке жактын фамилиясын, атын, атасынын атын, ИСНин, паспорттогу маалыматтарын, сатып алынган активдин санын жана наркын көрсөтүү менен жеке жактан сатып алынган мүлктүк/мүлктүк эмес укуктар;

7) базалык станцияны жайгаштырууга жер участогун ижаралоо келишими, ижара акысын төлөгөндүгүн ырастоочу байланыш операторунун төлөм тапшырмасы/кассалык чыгыш ордери, анын ичинде акы алган жеке жактын аты-жөнүн, ИСНин, паспорттук маалыматтарын, келишимдин предметинин санын жана наркын көрсөтүү менен жеке жактан сатып алынган, базалык станцияны тейлөө боюнча кызмат көрсөтүүлөр;

8) Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген учурларда башка документтер.

3. Салык төлөөчү эсеп-фактураларды Министрлер Кабинети белгилеген учурларда электрондук документ түрүндө жол-жоболоштурулуу мүмкүнчүлүгү болбогондо, мындай салык төлөөчү эсеп-фактураны кагаз алып жүрүүчүдө үч нускада жол-жоболоштурууга укуктуу, андан соң Министрлер Кабинети белгилеген мөөнөттөрдө жана тартипте электрондук эсеп-фактураны жол-жоболоштурат.

4. Эсеп-фактураны кагаз түрүндө жол-жоболоштурган салык төлөөчү эсеп-фактуранын бир нускасын учурдагы салыктык эсепке алуу жери боюнча салык органына берүүгө милдеттүү:

1) КНС салык төлөөчү - салыктык мезгил үчүн КНС боюнча отчет менен бирге;

2) КНС төлөбөгөн салык төлөөчү - эсеп-фактура кагаз түрүндө таризделген айдан кийинки айдын 25инен кечиктирбеген мөөнөттө.

5. Ушул Кодекске ылайык калкка товарларды сатууда, кызмат көрсөтүүдө жана жумуш аткарууда ККМ аркылуу эсептешүү жүргүзүү шартында салык төлөөчү эсеп-фактураны жол-жоболоштурбай коюуга укуктуу.

Ушул бөлүктүн шарттары боюнча салык төлөөчү сатып алуучунун талабы менен эсеп-фактураны берүүгө милдеттүү.

6. Салык төлөөчү ушул берененин 5-бөлүгүндө каралган товарларды берүүдө, жумуштарды аткарууда жана кызматтарды көрсөтүүдө эсеп-фактура өткөн айдан кийинки айдын 10 жумуш күнүнөн кечиктирилбестен, Министрлер Кабинети белгилеген тартипте таризделет.

7. Ушул Кодекстин 28-беренесинин 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн чет өлкөлүк уюмду кошпогондо, КНС салык төлөөчү төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) ушул Кодекстин талаптарына ылайык эсеп-фактураларды жол-жоболоштурууга;

2) берүүлөрдүн жана сатып алынган материалдык ресурстардын эсеп-фактураларынын эсебин жүргүзүүгө.

8. Мурда таризделген эсеп-фактуранын реквизиттерин оңдоо Министрлер Кабинети белгилеген учурларда ыйгарым укуктуу салык органы аныктаган тартипте кошумча эсеп-фактураны тариздөө менен жүргүзүлөт.

9. Жараксыз эсеп-фактураны кошпогондо, эсеп-фактура КНС салык төлөөчүсү тарабынан ушул Кодексте каралган тартипте эсепке алуу үчүн алынган материалдык ресурстар боюнча КНС суммаларын кабыл алуу үчүн негиз болуп саналат.

10. Эсеп-фактураларды электрондук документ түрүндө түзүү жана жүгүртүү тартиби Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

Эсеп-фактуранын, анын ичинде салык салынуучу берүүнүн өлчөмүн түзөтүүдө таризделүүчү кошумча эсеп-фактуранын формасы, аны тариздөө жана колдонуу тартиби, ошондой эле милдеттүү түрдө толтурулууга тийиш болгон реквизиттер ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан белгиленет.

11. Ушул берененин 7-бөлүгүндө көрсөтүлбөгөн салык төлөөчү эсеп-фактураны төмөнкүдөй жол-жоболоштурат:

1) ыктыярдуу тартипте;

2) милдеттүү тартипте - Министрлер Кабинети белгилеген мөөнөттөрдө.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2024-жылдын 2-февралындагы № 31, 2024-жылдын 23-июлундагы № 136, 2025-жылдын 12-февралындагы № 37, 2026-жылдын 6-августундагы № 145 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

Көңүл буруңуздар! Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 2-февралындагы № 31 Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөр 2023-жылдын 3-апрелинен тартып күчүнө кирет.

---

Мурунку берене: [177-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-177)  
Кийинки берене: [1781-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-1781)
