# 174-берене. Ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүндө пайдаланылуучу терминдер жана аныктамалар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 21-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 августа 2026 года № 145 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230050101)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 06.08.2026 [Закон КР от 6 августа 2026 года № 145 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230050101); 31.12.2025 [Закон КР от 31 декабря 2025 года N 262 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения, социального страхования и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230038461); 29.10.2025 [Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409); 31.07.2025 [Закон КР от 31 июля 2025 года № 185 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам уменьшения налоговой нагрузки населения и субъектов предпринимательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230031070); 12.02.2025 [Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035); 02.02.2024 [Закон КР от 2 февраля 2024 года № 31 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230001081); 03.04.2023 [Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112552)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=45757..57656>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-174>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-174.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 174-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-174

---

Ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүндө төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар пайдаланылат:

1) аффинаждалган өлчөнгөн куйма - салмагы 1000 грамм жана андан аз болгон, алтын үчүн куйманын лигатурдук салмагынын 99,90 пайызынан кем эмес, күмүш үчүн куйманын лигатурдук салмагынын 99,90 пайызынан кем эмес жана платина үчүн куйманын лигатурдук салмагынын 99,95 пайызынан кем эмес болгон химиялык таза негизги металл камтылган баалуу металлдан (алтындан, күмүштөн же платинадан) жасалган жана маркировкаланган куйма;

2) аффинаждалган стандарттуу куйма - баалуу металлдар рыногунун Лондон ассоциациясы тарабынан кабыл алынган Сапаттын эл аралык стандарттарына ылайык келген алтындан жана күмүштөн жасалган жана маркировкаланган куйма;

3) өнбөй турган карыз - салык төлөөчүгө тийиштүү болгон, аны салык төлөөчү соттун чечими боюнча милдеттенмени токтотуунун, банкроттуктун, карызкордун жоюлушунун же өлүмүнүн, же Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган доонун эскирүү мөөнөтүнүн аякташынын натыйжасында толук ала албаган сумма;

4) кайрымдуулук иш - жарандарга жана юридикалык жактарга пайда көздөбөстөн (акысыз негизде же жеңилдетилген шарттарда) же болбосо аларды сатууда кеткен чыгымдардан ашпаган акыга активдерди берүү, кызматтарды көрсөтүү жана жумуштарды аткаруу боюнча кайрымдуулук иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган кайрымдуулук максаттарын ишке ашырууга багытталган жеке жактын жана/же уюмдун ыктыярдуу иши;

5) кайрымдуулук уюму - төмөнкүдөй коммерциялык эмес уюм:

а) коммерциялык эмес уюмдар жана кайрымдуулук иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн жана кайрымдуулук ишин жүзөгө ашырган;

б) акциздик товарларды өндүрүү жана/же сатуу боюнча иш жүргүзүү менен алектенбеген;

в) саясий партияларды же шайлоо кампанияларын колдоого катышпаган;

6) кайтарылуучу камсыздандыруу сыйлыгы - келишим мөөнөтүнөн мурда бузулган учурда камсыздандырылуучунун дарегине камсыздандыруучу тарабынан камсыздандырылуучу төлөгөн камсыздандыруу сыйлыгын толук көлөмдө же жарым-жартылай төлөө менен кайтарып берилиши;

7) кирүү төгүмдөрү - мүчөлүккө негизделген коммерциялык эмес уюмга кирүүдө жакка бул уюмдун уюштуруу документтеринде каралган өлчөмдө жана тартипте берилүүчү активдер, мындай берүү бул уюмдун мүчөсүнө акысыз, же болбосо өздүк наркынан төмөн баада утурлама кызматтарды көрсөтүү менен шартталбаган шарттарда берилет;

8) өмүрдү узак мөөнөткө камсыздандыруудагы сатып алуу суммасы - келишим мөөнөтүнөн мурда бузулган күнү камсыздандырылуучуга төлөнүүгө тийиш болгон төгүмдөрдүн резервдик бөлүгү. Сатып алуу суммасынын өлчөмү камсыздандыруучу тарабынан түзүлгөн атайын таблицалар боюнча аныкталат жана камсыздандыруунун бүтүүчү мезгилинин узактыгына жана келишим түзүлгөн мөөнөткө жараша болот;

9) грант - Министрлер Кабинетине, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, мамлекеттик, ошондой эле саясий партияларды же шайлоо кампанияларынын талапкерлерин колдоого катышпаган коммерциялык эмес уюмдарга мамлекеттер, эл аралык, чет өлкөлүк жана ата мекендик уюмдар тарабынан акысыз берилүүчү активдер;

10) гуманитардык жардам - калктын жашоо жана тиричилик шарттарын жакшыртуу, ошондой эле аскердик, экологиялык жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу үчүн аларды андан ары керектөө жана/же акысыз бөлүштүрүү шарттарында азык-түлүк, техника, шайман, жабдуу, медициналык каражаттар жана медикаменттер, башка мүлк түрүндө Министрлер Кабинетине, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына, мамлекеттик, коммерциялык эмес уюмга, ошондой эле муктаж адамдарга мамлекеттер, уюмдар тарабынан акысыз берилүүчү активдер;

10-1) товарларга жана/же кызмат көрсөтүүлөргө максаттуу микрокредиттерди берүү боюнча иш - төмөнкүдөй шарттар сакталган учурда маалыматтык-телекоммуникациялык технологияларды колдонуунун негизинде максаттуу микрокредиттерди берүү жана алардын пайдаланылышына мониторинг жүргүзүү боюнча тутумдун алкагындагы иш:

а) төмөнкүлөргө карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы же күбөлүгүнүн болушу:

- жеке жактарды жана ишкердик субъекттерин микрокаржылоо боюнча ишти жүргүзүүгө;

- маалыматтык технологияларга жана электрондук каражаттарга, төлөмдөрдү жүргүзүү ыкмаларына негизделген төлөм тутумдары аркылуу үчүнчү жактардын пайдасына өз ишинин натыйжасы болуп саналбаган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү кабыл алуу жана жүргүзүү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү боюнча кызматтарды көрсөтүүгө;

- үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды (процессинг, клиринг) кабыл алуу, иштеп чыгуу жана ошол процессинг, клиринг борборунун төлөм тутумунун катышуучуларына берүү боюнча кызматтарды көрсөтүүгө;

б) товарларды жана/же кызмат көрсөтүүлөрдү сатуучу тарабынан ачык офертада сунуш кылынуучу баалардын прейскурантынан жогору эмес баалар боюнча сатууга;

в) товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү кабыл алууну жана жүргүзүүнү камсыз кылуучу микрокредиттерди берүүнүн маалымат тутумдарын жана төлөм системаларын ыйгарым укуктуу салык органынын маалымат тутуму менен интеграциялоого.

11) дивиденд - төмөнкүлөрдү кошкондо, салык төлөөчүнүн пайдасынын бөлүгү:

а) уюмду жоюу учурунда жак өзүнө таандык акциялардан киреше түрүндө алган нарктын өсүшү;

б) жеке ишкердин пайда салыгын же башка салыктардын ордуна белгиленген атайын салык режими боюнча төлөнүүчү салыкты төлөгөндөн кийин анын карамагында калган пайдасы;

в) уюштуруу документтери менен белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен капиталдагы жактын үлүшүнө ылайык ар кандай төлөмдөр;

г) айыл чарба кооперативдеринин мүчөлөрүнө кооперативдик төлөмдөр;

д) инвестициялык фонддогу пайга ылайык төлөмдөр.

Жалпы чогулуштун чечими боюнча уюмдун катышуучуларынын ортосунда бөлүштүрүлгөн, уюмдун катышуучусу кошумча алган акциялардын (үлүштөрдүн) наркы, же болбосо баштапкынын ордуна алынган жаңы акциялардын номиналдык наркы менен ошол уюмдун уставдык капиталынын көбөйүшүнө байланыштуу, анын ичинен уюмдун мүлкүнүн эсебинен акцияларды (үлүштөрдү) уюмдун катышуучуларынын ортосунда бөлүштүрүүдө акционердин баштапкы акцияларынын номиналдык наркынын ортосундагы айырма дивиденд болуп саналбайт.

12) карыздык баалуу кагаздар боюнча дисконт - карыздык баалуу кагаздардын номиналдык наркы баштапкы жайгаштырылган наркынан (купонду эсепке албастан) же сатып алынган наркынан ( купонду эске албастан) жогору болушу;

13) карыздык баалуу кагаз - баалуу кагаз, эмитенттин - карыздык баалуу кагазды чыгарган уюмдун жана инвестордун - бул баалуу кагазды сатып алган жана зайымдын суммасын жана бул зайым боюнча төлөнүүчү пайызды кайтарууга укуктуу субъекттин мамилесин белгилөөчү зайым келишимин билдирет;

14) катышуу үлүшү - акционердик коомдордон жана пайдык инвестициялык фонддон тышкары, биргелешип түзүлгөн уюмда жеке жана юридикалык жактын мүлкү менен үлүштүк катышуусу;

15) киреше - активдердин (акчалай каражаттардын, башка мүлктүн) агымы, өсүшү же катышуучулардын салымдарын кошпогондо, салык төлөөчүнүн өздүк капиталынын көбөйүшүнө алып келген милдеттенмелердин азайышы;

16) карыздык баалуу кагаздар боюнча киреше - дисконт же купон (дисконтту же баштапкы жайгаштыруу наркынан жана/же сатып алуу наркынан сыйакыны эске алуу менен); вексель боюнча төлөмдөр;

17) Кыргыз Республикасындагы булактан алынган деп таанылган киреше - бул:

а) жумушчу алган эмгек кирешеси:

- киреше кайдан төлөнгөндүгүнө карабастан, Кыргыз Республикасында жүргүзүлгөн эмгек ишине байланыштуу;

- ишти аткарган жерине карабастан мамлекеттен же мамлекеттин атынан;

б) ата мекендик уюм же жеке ишкер тарабынан алынган ишкердик иштен киреше, буга Кыргызстандан тышкары жайгашкан туруктуу мекеме аркылуу ата мекендик уюм жүргүзгөн ишкердик иштен киреше алынган учурлар кирбейт;

в) Кыргыз Республикасында жайгашкан туруктуу мекеме аркылуу чет өлкөлүк уюм тарабынан жүргүзүлгөн ишкердик иштен алынган кирешелер;

г) ата мекендик уюм тарабынан төлөнгөн дивиденддер;

д) Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан кыймылсыз мүлктү ижарага берүүдөн алынган ижара акысы;

е) ата мекендик уюмдун мүлктү сатуудан алган кирешеси, төмөнкүлөрдү кошпогондо:

- Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жайгашкан кыймылсыз мүлктү же Кыргыз Республикасынын чегинен тышкаркы жер казынасын пайдалануу укугун;

- чет өлкөлүк уюмдун катышуудагы капиталдык үлүшү же башка үлүшү;

ж) төмөнкүлөрдү сатуудан чет өлкөлүк уюмдун алган кирешеси:

- Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан кыймылсыз мүлктү, же Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан жер казынасын пайдалануу укугун;

- (абзац КР 2025-жылдын 29-октябрындагы N 243 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

з) Кыргыз Республикасында тобокелдикти камсыздандырууга же кайра камсыздандырууга тиешелүү камсыздандыруу сыйлыгы;

и) артист, спортчу, же артисттердин же спортчулардын тобунун Кыргыз Республикасында чыгуулардан же спорттук иш-чараны жүргүзүүдөн түшкөн киреше;

к) Кыргыз Республикасынын аймагындагы жерден казып алынган же суудан алынган пайдалуу кендерди, мунайды, жаныбарлар же өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин сатуудан түшкөн сумма;

л) пайыздар, роялти, пенсия жана техникалык, консультациялык, башкаруучулук кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөнүүчү акы же төмөнкүлөр тарабынан төлөнүүчү ар кандай башка киреше:

- ата мекендик уюм же жеке ишкер тарабынан, Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жайгашкан туруктуу мекеме аркылуу ата мекендик уюм тарабынан жүргүзүлүүчү ишкердик иш менен байланышкан чыгашалардан тышкары;

- чет өлкөлүк уюм тарабынан өзүнүн туруктуу мекемеси же иши Кыргыз Республикасынын мамлекеттик каттоо жөнүндө мыйзамдарына ылайык катталган туруктуу мекеме түзүүгө алып келбеген өкүлчүлүгү аркылуу аталган уюм жүргүзүүчү ишкердик ишке байланыштуу чыгымдар катары төлөнгөн;

м) чет өлкөлүк уюм же чет өлкөлүк жеке жак тарабынан ата мекендик уюмдагы капиталдагы үлүштү же катышуунун башка үлүшүн сатуудан алынган киреше, мындай сатып жөнүндө чечим кабыл алынган датага карата түзүлгөн уюмдун балансындагы активдердин жана милдеттенмелердин оң айырмасы катары аныкталган, сатылган үлүшкө пропорциялуу өлчөмдө;

н) (КР 2025-жылдын 31-июлундагы N 185 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

о) (КР 2025-жылдын 31-июлундагы N 185 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

18) алтындан жана/же күмүштөн инвестициялык монеталар - Улуттук банк тарабынан эмиссияланган (чыгарылган) жана калктын салымдарын инвестициялоо жана жеке фондун түзүү үчүн арналган алтын жана/же күмүш монеталар;

19) исламдык баалуу кагаздар - белгиленген менчикте же ишкердик иште эмитенттин бөлүнбөгөн үлүшүнө менчик укугун күбөлөндүрүүчү, исламдык каржылоого ылайык чыгарылган баалуу кагаздар;

20) карыздык баалуу кагаздар боюнча купон (мындан ары - купон) - чыгаруу шарттарына ылайык эмитент тарабынан карыздык баалуу кагаздардын номиналдык наркынан ашык төлөнүүчү (төлөнүүгө тийиш) сумма;

21) лизинг компаниясы - ата мекендик уюм, чет өлкөлүк уюмдун филиалы жана/же өкүлчүлүгү, алардын түшкөн каражатынын кеминде 90 пайызын финансылык ижара (лизинг) келишимдери боюнча негизги каражаттарды сатуудан алынган каражаттар түзөт;

22) лотереялык иш - субъекттин топтук же массалык оюндарды уюштуруу боюнча иши, анын жүрүшүндө лотереянын уюштуруучусу лотереянын катышуучуларынын - лотереялык билеттердин менчик ээлеринин ортосунда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылуучу лотереянын байге фондунун утушун өткөрөт. Мында утуш лотереялык иштин субъектинин эркине жана иш-аракетине жараша болбойт;

23) маркировкаланган куймалар - алардын касиеттерин, мүнөздөмөлөрүн жана идентификациялык маалыматтарын көрсөтүү менен аларды андан ары идентификациялоо максатында шарттуу белгилер, тамгалар, сандар, графикалык белгилер же жазуулар түшүрүлгөн куймалар;

24) машина-трактордук станция - айыл чарба техникасын колдонуу менен айыл чарба өндүрүүчүсү же айыл чарба кооперативи үчүн агротехникалык ишти аткарган, айыл чарба техникасын техникалык тейлөө жана оңдоо боюнча кызматтарды көрсөткөн, ошондой эле алардын тетиктерин берүүнү жүзөгө ашыруучу уюм;

24-1) эл аралык ташуу - Кыргыз Республикасынын аймагынан башка мамлекеттин аймагына же башка мамлекеттин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына же Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу жүргүзүлүүчү ташуу;

25) коммерциялык эмес уюм - төмөнкүдөй талаптарга жооп берүүчү уюм:

а) бул уюм Кыргыз Республикасынын коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө мыйзамдарында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарында каралган уюштуруу-укуктук формада катталган;

б) бул уюм өз ишинин негизги максаты катары пайда табууну көздөбөйт жана алган пайданы анын мүчөлөрүнүн, уюштуруучулардын жана кызмат адамдарынын ортосунда бөлүштүрбөйт;

26) нумизматикалык (коллекциялык) монеталар - Улуттук банк тарабынан чектелген санда чыгарылуучу, маданий-агартуу максаттары үчүн арналган жана белгилүү бир тематикага ээ болгон монеталар;

27) акы төлөө - натуралдык жана акчалай түрдө толук көлөмдө же жарым-жартылай төлөнгөн же төлөнүүгө тийиш болгон берүүчүлөр үчүн керектөөчү же башка адам тарабынан берүүчүгө түз же кыйыр түрдө жүзөгө ашырылган төлөмдөрдүн бардык түрлөрүн камтыйт;

28) накталай эмес формада төлөө - накталай акча каражаттарын колдонбостон төлөө:

а) калк менен эсептешүүлөрдө - аларды алуучунун эсебине чегерүү жолу менен, анын ичинде Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарына ылайык QR-төлөмдөрдү, POS-терминалды, идентификацияланган электрондук капчыкты жана башка аралыктан төлөө формаларын пайдалануу менен электрондук акча аркылуу төлөө, ошондой эле товар алмашуу (бартердик) операцияларын жүргүзүү жолу менен төлөө;

б) жеке ишкерлердин, уюмдардын ортосундагы эсептешүүлөрдө - төлөөчүнүн эсебинен акча каражаттарын эсептен чыгаруу жана аларды алуучунун эсебине чегерүү жолу менен, же болбосо аларда расмий катталган идентификацияланган электрондук капчыктарды жана Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарында төлөөчүнү идентификациялоого мүмкүндүк берүүчү башка төлөм каражаттарын пайдалануу менен, ошондой эле товар алмашуу (бартердик) операцияларын жүргүзүү жолу менен төлөө.

29) накталай формада төлөө - салык төлөөчүнүн кассасына накталай акча каражаттарын төлөө жана/же салык төлөөчүнүн банктагы эсебине же төлөм терминалы жана башка төлөм инструменттери аркылуу накталай акча каражаттарын салуу;";

30) маданият жана спорт уюмдары - менчигинин түрүнө карабастан коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар, алардын ишинин негизги түрү маданий баалуулуктарды сактоо, түзүү, өнүктүрүү, жайылтуу жана өздөштүрүү жана маданий жыргалчылыктарды көрсөтүү, ошондой эле дене тарбия жана спорт жаатында кызматтарды көрсөтүү болуп саналат;

31) отчеттук мезгил - салык төлөөчү ушул Кодекстин талаптарына ылайык салык отчетторун берүүгө милдеттүү болгон календардык жылдан, кварталдан жана айдан турган мезгил;

32) пайдалуу кендер - жер казынасында камтылган табигый минералдык түзүлмөлөр, көмүрсуутек жана жер алдындагы суулар, алардын химиялык курамы жана физикалык касиети аларды материалдык өндүрүш жана керектөө чөйрөсүндө колдонууга мүмкүндүк берет;

33) товардын бузулушу - товардын бардык же айрым касиеттеринин начарлашы, анын натыйжасында мындай товар салык салынуучу берүүнүн максаты үчүн колдонулбайт;

34) карыздык баалуу кагаздар боюнча сыйакы - карыздык баалуу кагаздардын номиналдык наркынан баштапкы жайгаштыруунун наркынын (купонду эсепке албастан) же сатып алуу наркынын (купонду эсепке албастан) ашышы, аларды чыгаруу шарттары купонго акы төлөөнү карайт;

35) преференциялык калктуу конуштар - Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу калктуу конуштар жана/же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзгөчө статуска ээ болгон административдик-аймактык бирдиктер;

36) преференциялык чек ара аймактарындагы калктуу конуштар - Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу жана өзгөчө жеңилдетилген салык режимине ээ болгон чек ара аймактарындагы калктуу конуштар;

36-1) баштапкы кайра иштетүүнүн продукциясы - анын сапатын сактоо жана узак сактоону камсыз кылуу үчүн кайра иштетүүнүн технологиялык операцияларынан өткөн, продукцияны кийинки (өнөр жайлык) кайра иштетүүдө чийки зат түрүндө пайдаланылуучу же керектөөчүлөргө өнөр жайлык кайра кийин иштетүүсүз сатылуучу ата мекендик өндүрүштүн айыл чарба продукциясы;

37) туунду баалуу кагаздар - туунду баалуу кагаздардын маалыматтарынын базалык активине карата укуктарды күбөлөндүрүүчү баалуу кагаздар. Туунду баалуу кагаздарга төмөнкүлөр кирет: опциондор, своптор, форварддар, фьючерстер, депозитардык тил каттар, варранттар жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык туунду баалуу кагаздар деп таанылган башка баалуу кагаздар. Товарлардын стандартташтырылган партиялары, баалуу кагаздар, валюта жана финансылык инструменттер базалык активдер боло алышат;

38) пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүү - жер казынасынан пайдалуу кендерди ачуу, даярдоо жана алуу боюнча тоо-кен иштеринин комплекси;

39) роялти - төмөнкүлөр үчүн сыйакы катарында алынган ар кандай түрдөгү төлөмдөр:

а) компьютердик программаларды, кино, теле, видеофильмдерди же радио жана телекөрсөтүү үчүн жазууларды кошкондо, ар кандай адабият, искусство же илимдин чыгармаларына автордук укукту пайдалануу же пайдалануу укугун берүү үчүн;

б) өнөр жай менчик объектине, соода маркасына, дизайнга же моделге, планга, жашыруун формулага же процесске, же болбосо өнөр жайлык, коммерциялык же илимий тажрыйбаларга тиешелүү маалыматка (ноу-хау) укукту ырастоочу ар кандай патент үчүн.

Финансылык ижара (лизинг) келишими боюнча алынган сыйакылар роялтиге кирбейт. Ушул Кодекстин XI бөлүмүнүн максатында "роялти" деп кендерди пайдалануу үчүн роялти салыгын төлөөчү тарабынан төлөнүүчү төлөм түшүнүлөт;

40) айыл чарба кооперативи - мүчөлөрү айыл чарба өндүрүүчүлөрү болуп саналган жана иши кооперативдин мүчөлөрүнө товарларды сатууга, кызматтарды көрсөтүүгө, жумуштарды аткарууга, ошондой эле алар өндүргөн айыл чарба продукцияларын жана өзүнүн айыл чарба продукциясын кайра иштетүү продуктуларын сатууга багытталган кооператив.

Кооперативдин мүчөлөрү менен байланышпаган ишти жүзөгө ашыруучу айыл чарба кооперативи ушул Кодексте белгиленген тартипте өзүнчө эсеп жүргүзүүгө, отчет берүүгө жана иштин ушул түрү боюнча салыктарды төлөөгө милдеттүү;

41) айыл чарба өндүрүүчүсү - айыл чарба продукциясын, ошондой эле акциздик товарлардан тышкары өз өндүрүшүндөгү айыл чарба продукциясын кайра иштетүү продукттарын, мында бул уюмга же жеке адамга таандык негизги каражаттарды сатуудан түшкөн акчаны эске албастан, айыл чарба продукциясын жана анын кайра иштетилген продукттарын сатуудан түшкөн каражат календардык жылдын ичинде товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатуунун жалпы көлөмүнүн 75 пайызынан кем эмести түзгөн шартта өндүрүүчү уюм же жеке ишкер;

41-1) айыл чарба даярдоочусу -төмөнкүлөрдү жүзөгө ашыруучу субъект:

а) аны баштапкы кайра иштетүүнү жүзөгө ашыруучу субъекттин дарегине сатуу үчүн ата мекендик айыл чарба продукциясын чогултууну;

б) кайра иштетүүчү ишкананын жана/же соода-логистикалык борбордун дарегине сатуу/берүү үчүн ата мекендик айыл чарба продукциясын чогултууну жана/же баштапкы кайра иштетүүнү, анын ичинде иштетип алма схемасы боюнча жүзөгө ашыруучу;

42) инженердик-техникалык камсыз кылуу тармактары - электр, жылуулук, газ, суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу процессинде түздөн-түз колдонулуучу коммуникациялардын жана курулмалардын жыйындысы;

43-1) социалдык инфратүзүм - билим берүү, медициналык, маданий, спорттук, социалдык багыттагы объекттер, транспорттук камсыздоо объекттери, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык органдардын объекттери;

43) шектүү милдеттенмелер - салык төлөөчү соттун чечими боюнча милдеттенмени токтотуунун, банкроттуктун, насыя берүүчүнүн жоюлушунун же өлүмүнүн же Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган доонун эскирүү мөөнөтүнүн аякташынын натыйжасында төлөбөгөн, ал төлөөгө тийиш болгон сумма;

44) камсыздандырылуучу - өзүнүн же үчүнчү жактын (пайда табуучунун) кызыкчылыгын камсыз кылуу максатында камсыздандыруучу менен келишим түзгөн жана камсыздандыруу келишиминде (камсыздандыруу полиси) аныкталган камсыздандыруу учуру келгенде зыяндын ордун толтуруу милдеттенмеси үчүн камсыздандыруучуга камсыздандыруу сыйлыгын (төгүмүн) төлөгөн, камсыздандыруу объектине кызыкчылыгы бар жеке адам же уюм;

45) камсыздандыруу сыйлыгы (төгүмү) - келишимде шартталган камсыздандыруу учуру келгенде камсыздандыруу суммасын төлөө (ордун толтуруу) милдеттенмелерин өзүнө алгандыгы үчүн камсыздандыруучуга камсыздандырылуучу тарабынан төлөнүүчү сумма, ал камсыздандырылуучу тарабынан бир жолку төлөм (камсыздандыруу сыйлыгы) же ай сайын, квартал сайын ж.б.у.с. камсыздандыруу келишиминин колдонулуу мөөнөтүнүн ичинде бөлүп төлөө (камсыздандыруу төгүмдөрү) менен төлөнөт;

46) камсыздандыруу суммасы (ордун толтуруу) - камсыздандыруу уюму тарабынан төлөнүүчү, камсыздандырылуучу, үчүнчү жактар же алардын мүлкү менен камсыздандыруу учуру келгенде камсыздандыруу суммасынын чегинде чыгашанын ордун жарым-жартылай же толугу менен толтуруу;

47) камсыздандыруу учуру - ал келип чыккан учурда мыйзамдын же келишимдин күчүнө ылайык камсыздандыруучу камсыздандыруу суммасын төлөөгө (ордун толтурууга) милдеттүү болгон окуя;

48) камсыздандыруучу - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык камсыздандырууну жүзөгө ашырууга лицензиясы бар жана камсыздандыруу сыйлыгы (төгүмү) үчүн камсыздандырылуучу менен түзүлгөн камсыздандыруу келишимине (камсыздандыруу полиси) ылайык камсыздандыруу келишиминде аныкталган камсыздандыруу учуру келгенде камсыздандырылуучу же үчүнчү жак тарткан зыяндын ордун толтуруу милдетин өзүнө алган ата мекендик уюм;

49) субсидия - Министрлер Кабинети, Жогорку Кеңеш жана жергиликтүү кеңештер тарабынан салык төлөөчүгө анын экономикалык ишине байланышкан белгилүү бир шарттарды мурда же келечекте аткаруунун ордуна активдерди берүү түрүндө көрсөтүлүүчү жардам;

50) ири ишкердик субъекти - катары менен келген акыркы 12 айдагы түшкөн акчанын көлөмү 50000000 сомдон ашкан уюм же жеке ишкер.

Салык отчетторун тапшыруу жана салык төлөө максатында ушул пунктта белгиленген өлчөмдү азайтуу учурунда, субъект календардык жылдын аягына чейин ири ишкердиктин субъекти катары каралат. Салыктарды администрациялоо максатында ыйгарым укуктуу салык органынын функциялык бөлүмү тарабынан субъект, эгерде ал Министрлер Кабинети белгилеген критерийлерге ылайык келсе, ири салык төлөөчү деп таанылат; Караңыз: Ири салык төлөөчүлөрдү аныктоонун критерийлери жана тартиби жөнүндө жобо (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги N 236 токтомуна)

51) курорттук-ден соолукту чыңдоо чөйрөсүнүн субъекти - тигил же бул тиричилик, транспорттук, оюн-зоок, ден соолукту чыңдоо жана дарылоо кызматтарын көрсөтүү менен эс алуучуларды кабыл алуу жана убактылуу жашоо үчүн жайгаштыруу боюнча кызматтарды көрсөтүүчү уюм же жеке ишкер. Санаториялык, санаториялык-курорттук мекемелер, оюн-зоок, спорт жана эс алуу үйлөрү жана базалары, профилакторийлер, мейман үйлөрү, пансионаттар, кемпингдер жана ушундай багыттагы башка мекемелер, ошондой эле ушундай максатта пайдаланылуучу жеке үйлөр жана алардын бөлүктөрү салык максатында ушундай субъекттер деп таанылат;

52) чакан ишкердик субъекти - катары менен келген акыркы 12 айдагы түшкөн акчанын жыйынды көлөмү 8000000 сомдон ашпаган уюм же жеке ишкер.

Салык отчетторун тапшыруу жана салык төлөө максатында ушул пунктта белгиленген өлчөмдү жогорулаткан учурда, субъект календардык жылдын аягына чейин чакан ишкердик субъекти катары каралат;

53) коомдук тамактануу субъекти - коомдук тамактануу кызматтарын көрсөткөн уюм же жеке ишкер (ресторан, кафе, ашкана, тез татым, бар жана башка коомдук тамактануу пункттары);

54) орто ишкердик субъекти - катары менен келген акыркы 12 айдагы түшкөн акчанын жыйынды көлөмү 8000000 сомдон ашкан, бирок 50000000 сомдон ашпаган сумманы түзгөн уюм же жеке ишкер.

Салык отчетторун тапшыруу жана салык төлөө максатында ушул пунктта белгиленген өлчөмдү жогорулаткан же азайткан учурда, субъект календардык жылдын аягына чейин орто ишкердиктин субъекти катары каралат;

55) инженердик-техникалык камсыз кылуу тармактарына технологиялык туташуу - инженердик-техникалык жана уюштуруу иш-чараларынын комплекси, анын ичинде:

а) инженердик-техникалык камсыз кылуу тармактарын реконструкциялоого жана өнүктүрүүгө техникалык шарттарды иштеп чыгуу;

б) курулуш-монтаждоо иштери;

в) жабдууларды орнотуу;

г) объекттерди мындай тармакка туташтыруунун технологиялык мүмкүнчүлүгүн түзүү максатында инженердик-техникалык камсыз кылуу тармагын өнүктүрүү жана техникалык жактан оң абалда кармоо үчүн адистештирилген уюмдар көрсөткөн/аткарган башка кызматтар жана жумуштар;

56) айыл чарба багытындагы соода-логистикалык борбор - жыйындысында төмөнкү белгилерге ылайык келүүчү уюм:

а) ички рынокту айыл чарба продукциясы менен камсыз кылуу, ата мекендик айыл чарба продукциясын жана өзү өндүргөн жана башка субъекттер тарабынан өндүрүлгөн ата мекендик айыл чарба продукциясын кайра иштетүү продуктуларын экспорттоо жана сатуу боюнча иштерди жүзөгө ашырууга тийиш;

б) айыл чарба продукциясын, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү продуктуларын сорттоо, калибрлөө, маркалоо, таңгактоо, ташуу, сактоо, анын ичинде шок тоңдуруу/кургатуу үчүн арналган өндүрүштүк, административдик, кампа жана башка имараттары, жайлары жана курулмалары бар жер участогунан (жер участокторунан) турган, пайдалануу же менчик укугунда таандык болгон мүлктүк комплекс;

57) жыштыкты (кубаттуулукту) жөнгө салуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр - иш жүзүндөгү электр кубаттуулугунун кубаттуулуктун өтүүсүнүн суткалык графигинде билдирилген анын чоңдугунан четтөөлөрүн баланстоо боюнча уюштуруучулук жана технологиялык жактан байланышкан чаралардын комплексин камтыган, параллелдүү иштөө жөнүндө эл аралык келишимдерге катышуучу мамлекеттердин энергетикалык тутумдарынын бирикмесинде бирдиктүү жыштык менен энергетикалык тутумдардын ишенимдүү параллелдүү иштөөсүн камсыз кылуу максатында тутумдук оператор - "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ачык акционердик коому тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтар;

58) товарды жоготуу - товардын жок кылынышына жана/же жоготулушуна негиз болгон окуя. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген табигый кемүү ченемдеринин чегинде салык төлөөчү тарабынан товарларды жоготуп алышы жоготуу деп эсептелбейт;

58-1) товарларга жана/же кызмат көрсөтүүлөргө максаттуу микрокредиттерди берүү жана маалыматтык-телекоммуникациялык технологияларды колдонуунун негизинде алардын пайдаланылышына мониторинг жүргүзүү боюнча тутумдагы төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн катышуучулары - төмөнкүлөр болуп саналган салык төлөөчүлөр:

а) финансы-кредиттик уюмдар, адистештирилген финансы-кредиттик мекемелер;

б) төлөм тутумунун оператору жана/же төлөм уюму;

в) микрокредит же жөлөкпул алуучу субъект;

г) ушул пункттун 1 жана 2-пунктчаларында көрсөтүлгөн катышуучулар менен түзүлгөн келишимдин негизинде товарды жана/же кызмат көрсөтүүнү сатуучу уюм же жеке ишкер.

Товарларга жана/же кызмат көрсөтүүлөргө максаттуу микрокредиттерди берүү жана маалыматтык-телекоммуникациялык технологияларды колдонуунун негизинде алардын пайдаланылышына мониторинг жүргүзүү боюнча тутумда төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн катышуучусу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жөлөкпулдарды, ошондой эле Министрлер Кабинетинин чечими боюнча гранттарды жана/же кредиттерди төлөө жүзөгө ашырылуучу мамлекеттик мекеме болушу мүмкүн;

59) финансылык ижара - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте түзүлгөн, финансылык чөйрө келишиминин же лизинг алуучу лизингдик төлөмдөрдү төлөөсүн караган исламдык каржылоого ылайык иджара мунтахийя биттамллик жана кемүүчү мушарака келишиминин негизинде жүргүзүлүүчү негизги каражат катары пайдалануу үчүн лизинг берүүчү товарды лизинг алуучуга өткөрүп бериши боюнча ижара мамилелеринин өзгөчө түрү;

60) финансылык кызмат көрсөтүүлөр - бул Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүлөрү тарабынан жүзөгө ашырылуучу же сатып алынуучу операциялар, анын ичинде:

а) насыялар, зайымдар, исламдык каржылоо келишимдери боюнча операциялар, карыздык милдеттенмелерди берүү жана өндүрүү, кепилчиликтерди жана/же кепилдиктерди берүү, банктык кепилдиктерди берүү, карыздык милдеттенмелерди башкаруу;

б) депозиттер, исламдык каржылоо келишимдери боюнча операциялар, уюмдун жана жеке жактын банктык эсебин, анын ичинде корреспонденттик банк эсептерин ачуу жана жүргүзүү;

в) төлөмдөр, которуулар, карыздык милдеттенмелер, чектер жана коммерциялык жүгүртүлүп жаткан төлөм каражаттары менен жүргүзүлгөн операциялар, инкассо боюнча операциялар;

г) ушул жакка таандык болгон аффинаждалган баалуу металлдардын жеке саны көрсөтүлүүчү жеке жактардын жана уюмдардын металлдан жасалган эсептерин ачуу жана киргизүү;

д) мыйзамдуу төлөм каражаттары болуп саналган валюта, банкноттор жана накталай акча менен операциялар, ошондой эле аффинаждалган стандарттык жана өлчөнгөн куймалар, инвестициялык монеталар менен нумизматикалык монеталарды эске албаганда, операциялар;

е) акциялар, облигациялар жана башка баалуу кагаздар менен төлөм карточкалар, ошондой эле акциз маркалары менен жүргүзүлгөн операциялар, буга баалуу кагаздардын сакталышын камсыз кылуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү кошпогондо, чарба жүргүзүүчү шериктиктердин жана коомдордун капиталына катышуунун үлүштөрү менен жүргүзүлгөн операциялар;

ж) инвестициялык фонддорду башкаруу;

з) клирингдик операциялар, анын ичинде төлөмдөрдү жыйноо, салыштырып текшерүү, сорттоо жана ырастоо, ошондой эле алар менен өз ара чегерүүнү жүргүзүү жана клирингге катышуучулардын - банктык операциялардын айрым түрлөрүн жүзөгө ашырган банктар менен уюмдардын так позицияларын аныктоо;

и) аккредитивдерди ачуу жана тейлөө;

к) банктын ислам каржылоосуна ылайык келишим боюнча акча каражаттарын тартуу жана жайгаштыруу боюнча операциялары;

л) Улуттук банктын лицензиясында көрсөтүлгөн банктын башка операциялары;

м) баалуу кагаздар рыногундагы кесиптик иштин тиешелүү түрү үчүн - баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган операциялар;

н) соодалашууну уюштуруу боюнча кызматтарды көрсөтүү - товардык жана валюталык биржалар үчүн;

о) ушул берененин 10-1-пунктунун "а" пунктчасында көрсөтүлгөн кызматтарды көрсөтүү;

61) баалуу кагаздар - акциялар, карыздык баалуу кагаздар, туунду баалуу кагаздар, исламдык баалуу кагаздар жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык баалуу кагаздар деп таанылган мүлктүк укуктун башка объекттери;

62) мүчөлүк акылар - коммерциялык эмес уюмдун уюштуруу документтеринде каралган өлчөмдө жана тартипте алардын мүчөсү тарабынан берилүүчү активдер, мындай берүү товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү ошол уюмдун мүчөсүнө акысыз же болбосо өздүк наркынан төмөнкү баада утурлама берүү менен шартталбаса;

63) экономикалык (баланстык) запастар - Кыргыз Республикасынын пайдалуу кендеринин запастарынын мамлекеттик балансында иштетүү үчүн экономикалык жактан максатка ылайыктуу катары эсепке алынган пайдалуу кендердин запастары;

64) уюлдук байланыш чөйрөсүндөгү иш - байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ушул кызматтарды көрсөтүүчү лицензиатка берилген лицензияда көрсөтүлгөн көчмө радиотелефон байланыш же спутниктик байланыш кызматтарын көрсөтүү боюнча иш.

65) курулуш объекти - архитектуралык-курулуш ишинин натыйжасы болуп саналган, турак жана/же турак эмес жайлардан жана/же жалпы пайдалануудагы жерлерден жана/же инженердик-техникалык курулмалардан турган, мыйзамда белгиленген тартипте пайдаланууга киргизилүүгө тийиш болгон имарат, курулма, алардын бөлүгү же жыйындысы;

66) бүткөн курулуш объекти - мыйзамдарда белгиленген тартипте пайдаланууга берилген (кабыл алынган) курулуш объекти;

67) бүтпөгөн курулуш объекти - мыйзамдарда белгиленген тартипте пайдаланууга берилбеген (кабыл алынбаган) курулуш объекти;

68) футбол чөйрөсүндө иш жүргүзүүчү уюмдар:

а) "Кыргыз футбол бирлиги" юридикалык жактардын бирикмеси (мындан ары - КФБ), ошондой эле анын мүчөлөрү болуп саналган юридикалык жактар;

б) КФБ тарабынан бекитилген тизмекке ылайык кесиптик футбол клубдары жана/же футбол академиялары (менчигинин түрүнө карабастан);

в) КФБнын лицензиясы (сертификаты) бар футбол стадиондорунун менчик ээлери же мыйзамдуу ээлери болуп саналган уюмдар, көрсөтүлгөн стадиондорду пайдаланууга жана күтүүгө түздөн-түз байланышкан иш бөлүгүндө.";

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2024-жылдын 2-февралындагы № 31, 2025-жылдын 12-февралындагы № 37, 2025-жылдын 31-июлундагы № 185 , 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243, 2025-жылдын 31-декабрындагы № 262, 2026-жылдын 6-августундагы № 145 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [173-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-173)  
Кийинки берене: [175-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-175)
