# 171-берене. Даттануу берүүнүн натыйжалары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 20-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 31 июля 2025 года № 185 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам уменьшения налоговой нагрузки населения и субъектов предпринимательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230031070)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 31.07.2025 [Закон КР от 31 июля 2025 года № 185 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам уменьшения налоговой нагрузки населения и субъектов предпринимательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230031070); 03.04.2023 [Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112552)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=34825..36891>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-171>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-171.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 171-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-171

---

1. Салык төлөөчүнүн ушул Кодексте белгиленген тартипте ыйгарым укуктуу салык органына же сотко даттанууну берүүсү даттанылган чечимдин аткарылышын токтото турат.

2. Чечимди аткаруу ыйгарым укуктуу салык органына даттануу берилген күндөн тартып ыйгарым укуктуу салык органынын чечимине соттук тартипте даттануу үчүн процессуалдык мыйзамдарда белгиленген мөөнөт аяктаганга чейин, ал эми чечимди соттук тартипте даттанууда соттун чечими күчүнө киргенге чейин токтотула турат.

3. Салык төлөөчүнүн даттануусун толук же жарым-жартылай канааттандырган учурда, салык кызматынын органынын чечимине даттануу боюнча чечимдин негизинде тиешелүү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилет.

4. Салык төлөөчүнүн даттануусу канааттандырылган же жарым-жартылай канааттандырылган учурда, салык санкциялары жана туум даттануу каралган бүткүл мезгил үчүн негиздүү эсептелди деп таанылган суммага гана эсептелет.

5. Эгерде салык төлөөчүнүн даттануусу боюнча чечим кабыл алынгандан кийин ыйгарым укуктуу салык органынын чечимин чыгарууда эске алынбаган жана салык төлөөчүнүн салык милдеттенмесин өзгөртүүгө алып келген документтик маалыматтар алынса, анда ыйгарым укуктуу салык органы бул чечимди салык төлөөчүнүн даттануусу боюнча ыйгарым укуктуу салык органынын чечимин салык төлөөчүгө тапшырган күндөн кийинки күндөн тартып бир жылдын ичинде өзгөртүүгө укуктуу.

(КР 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2025-жылдын 31-июлундагы № 185 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [170-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-170)  
Кийинки берене: [172-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-172)
