# 170-берене. Салык төлөөчүнүн даттануусу боюнча салык кызматынын органынын чечиминин мазмуну

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 20-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-170>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-170.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 170-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-170

---

Даттанууну кароонун жыйынтыгы боюнча чечимде төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:

1) чечим кабыл алынган дата жана жер;

2) даттанууну караган ыйгарым укуктуу салык органынын аталышы;

3) салык төлөөчүнүн аты-жөнү, же болбосо толук аталышы, арыз ээсинин дареги;

4) салык төлөөчүнүн ИСНи;

5) чечимге даттануу берилген салык кызматынын органынын аталышы;

6) даттанылуучу чечимдин реквизиттери жана кыскача мазмуну;

7) даттануунун маңызы;

8) чечимдин негизине коюлган себептердин жана фактылардын баяндалышы;

9) ушул Кодекстин, мыйзамдын же ченемдик укуктук актынын ченемдерине шилтемелер;

10) кабыл алынган чечим;

11) чечимине даттанылган салык органына тиешелүү тапшырма.

---

Мурунку берене: [169-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-169)  
Кийинки берене: [171-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-171)
