# 17-берене. Ченемдик укуктук актылардын катышы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112552)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=1286441..1286442>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 17-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-17

---

1. Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын актылары жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары ушул Кодекске карама-каршы келүүгө тийиш эмес.

2. Ушул Кодекстин, салыктык мыйзам актыларынын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын ортосунда карама-каршылык болгон учурда салыктык укук мамилелерин жөнгө салуу үчүн ушул Кодексте белгиленген ченемдер колдонулат.

3. Эгерде ушул Кодекстин ченемдеринин ортосунда карама-каршылык болсо же салыктык укук мамилелерин жөнгө салуу үчүн зарыл болгон ченемдер болбосо, салык кызматынын органдары жана бажы органдары, салыктык талаштарды кароо боюнча сот жана/же соттон тышкаркы органдар салык төлөөчүнүн пайдасына чечим кабыл алат. Ушул бөлүктүн максаттарында ушул Кодекстин ченемдеринин ортосундагы карама-каршылык деп ушул Кодексте белгиленген, мааниси жана мазмуну боюнча бири-бирине карама-каршы келген эки же бир нече ченемдердин болушу түшүнүлөт.

4. (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

5. Ченемдик укуктук акт төмөнкүдөй жагдайлардын бири болгондо ушул Кодекске шайкеш келбейт деп таанылат:

1) акт актылардын ушундай түрүн кабыл алууга ушул Кодекске ылайык укугу жок болгон орган тарабынан кабыл алынса, же болбосо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипти бузуу менен кабыл алынса;

2) акт салыктык укук мамилелеринин катышуучусунун ушул Кодексте белгиленген укуктарын же болбосо ыйгарым укуктарын жокко чыгарса же чектесе;

3) акт салыктык укук мамилелеринин катышуучусунун ушул Кодексте аныкталган милдеттеринин мазмунун, аракеттеринин негиздерин, шарттарын, ырааттуулугун же тартибин киргизсе, өзгөртсө же жокко чыгарса;

4) акт ушул Кодексте уруксат берилген же көрсөтүлгөн аракеттерге тыюу салса;

5) акт ушул Кодексте тыюу салынган аракеттерге уруксат берсе же жол берсе;

6) акт ушул Кодексте аныкталган терминдердин, аныктамалардын мазмунун өзгөртсө, же болбосо терминдерди жана аныктамаларды ушул Кодексте колдонулгандан башка мааниде колдонсо.

6. Ушул Кодекске шайкеш келбеген ченемдик укуктук актыны кабыл алган орган мындай шайкеш эместикти четтетүүгө милдеттүү.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-16)  
Кийинки берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-18)
