# 169-берене. Салык төлөөчүнүн даттанууларын кароонун тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 20-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 31 декабря 2025 года N 262 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения, социального страхования и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230038461)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 31.12.2025 [Закон КР от 31 декабря 2025 года N 262 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения, социального страхования и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230038461); 12.02.2025 [Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035); 03.04.2023 [Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112552)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=44293..45757>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-169>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-169.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 169-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-169

---

1. Салык төлөөчүнүн даттануусуна мындай даттануу алынган күндөн кийинки 30 календардык күндөн кечиктирилбеген мөөнөттө даттануунун маңызына карата чечим жиберилет.

Даттанууну кароо мөөнөтү ыйгарым укуктуу салык органында даттануу катталган күндөн кийинки күндөн тартып эсептелет жана салык төлөөчүгө чечим жиберилген күндө бүтөт.

2. Эгерде даттанууну кароо мезгилинде салык төлөөчүдөн өз ара байланышкан салыктар жана төлөмдөр боюнча баштапкы даттанууга толуктоолор келип түшсө, негизги жана кошумча даттануулар боюнча кароо мөөнөтү толуктоо келип түшкөн күндөн кийинки күндөн башталат.

Даттанууну кароо мөөнөтү көчмө текшерүү дайындалган, тиешелүү органдарга, анын ичинде эл аралык келишимдерге ылайык башка мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдарына суроо-талаптар жөнөтүлгөн учурларда токтотулат. Ыйгарым укуктуу салык органы салык төлөөчүгө даттануу боюнча акыркы чечим ушул бөлүктө каралган жол-жоболор аткарылгандан кийин кабыл алына тургандыгы тууралуу кабарлайт. Ушул бөлүктө каралган мөөнөттөрдү узартуу жана токтотуу күндөрүн кошкондо, даттанууну кароо мөөнөтү даттануу берилген күндөн кийинки күндөн тартып 90 календардык күндөн ашпоого тийиш.

3. Эгерде ыйгарым укуктуу салык органы ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө каралган мөөнөттө чечимди жибербесе, салык төлөөчүнүн даттануусу канааттандырылды деп эсептелет.

4. Даттанууну кароонун жыйынтыгы боюнча ыйгарым укуктуу салык органы төмөнкү чечимдердин бирин кабыл алат:

1) салык төлөөчүнүн даттануусун канааттандырат;

2) салык төлөөчүнүн даттануусун жарым-жартылай канааттандырат;

3) салык төлөөчүнүн даттануусун канааттандыруудан баш тартат.

Ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан ушул бөлүктүн 1 жана 2-пункттарына ылайык кабыл алынган чечим салык кызматынын органынын даттанылган чечимин жокко чыгарат.

5. Ыйгарым укуктуу салык органы ушул Кодекстин 96-беренесинде каралган тартипте салык төлөөчүгө чечимди тапшырат, ошондой эле чечимине даттанылган салык кызматынын органына жиберет.

Ушул берененин 4-бөлүгүнүн 2-пунктунда каралган учурларда, ыйгарым укуктуу салык органынын чечиминин негизинде чечимине даттанылган салык кызматынын органы ушул Кодекстин 123-беренесинин 3-7-бөлүктөрүнө ылайык жаңы чечим чыгарууга милдеттүү.

6. Эгерде даттанууда мурда жиберилген даттанууларга байланыштуу арыз ээсине маңызы боюнча чечимдер же жазуу жүзүндөгү жооптор бир нече жолу жөнөтүлгөн маселе камтылса жана мында даттанууда жаңы жүйөлөр же жагдайлар келтирилбесе, ыйгарым укуктуу салык органы көрсөтүлгөн даттануу жана мурда жиберилген даттануулар бир эле органга жиберилген шартта, ошол маселе боюнча кат алышууну токтотууга укуктуу, ал жөнүндө салык төлөөчүгө жазуу жүзүндө билдирилет.

7. Берилген даттануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимине макул болбогон салык төлөөчү бул чечимге Кыргыз Республикасынын административдик сот өндүрүшүнүн тартибинде даттанууга укуктуу.

8. (КР 2025-жылдын 31-декабрындагы № 262 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2025-жылдын 12-февралындагы № 37, 2025-жылдын 31-декабрындагы № 262 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [168-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-168)  
Кийинки берене: [170-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-170)
