# 168-берене. Салык төлөөчүнүн даттануусунун формасы жана мазмуну

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 20-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=13809..27071>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-168>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-168.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 168-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-168

---

1. Салык төлөөчүнүн даттануусу жазуу жүзүндө кол менен же заказды кат менен почта аркылуу же электрондук документ түрүндө салык төлөөчүнүн кабинети аркылуу же электрондук кайрылуу түрүндө электрондук кайрылууларды кабыл алуу үчүн арналган ыйгарым укуктуу салык органынын электрондук почтасынын расмий дарегине электрондук почта аркылуу берилет.

2. Даттанууда төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:

1) даттанууну берген дата;

2) даттануу берилип жаткан салык кызматынын органынын аталышы;

3) даттанууну берген адамдын аты-жөнү же болбосо толук аталышы, анын жашаган жери (турган жери);

4) салык төлөөчүнүн ИСНи;

5) чечимине даттануу берилген салык кызматынын органынын аталышы;

6) даттануу берип жаткан салык төлөөчү өзүнүн талабын негиздеген жагдайлар жана бул жагдайларды ырастоочу далилдер;

7) тиркелүүчү документтердин тизмеги;

8) даттанылуучу чечимдердин реквизиттери;

9) даттанууну кароонун жыйынтыгын жөнөтүү үчүн дарек.

3. Даттанууда талаш-тартышты чечүү үчүн мааниси бар башка маалыматтар да көрсөтүлүшү мүмкүн.

4. Даттанууга салык төлөөчү кол коёт.

5. Даттанууга төмөнкүлөр тиркелет:

1) салыктык контролдун жыйынтыгы боюнча материалдардын жана актынын көчүрмөлөрү;

2) ал боюнча чечимдин көчүрмөсү;

3) салык төлөөчү өзүнүн талаптарын негиздеген жагдайларды ырастоочу, салык төлөөчү жана башка органдар тарабынан күбөлөндүрүлгөн документтер;

4) ишке тиешеси бар башка документтер.

(КР 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [167-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-167)  
Кийинки берене: [169-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-169)
