# 167-берене. Салык төлөөчүнүн даттанууларды берүү тартиби жана мөөнөттөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 20-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 августа 2026 года № 145 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230050101)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 06.08.2026 [Закон КР от 6 августа 2026 года № 145 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230050101); 29.10.2025 [Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409); 31.07.2025 [Закон КР от 31 июля 2025 года № 185 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам уменьшения налоговой нагрузки населения и субъектов предпринимательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230031070); 12.02.2025 [Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=45757..57656>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-167>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-167.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 167-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-167

---

1. Салык кызматынын органдарынын чечимине салык төлөөчүнүн даттануусу салык төлөөчүгө мындай чечим тапшырылган күндөн кийинки күндөн тартып 90 календардык күндүн ичинде ыйгарым укуктуу салык органына берилет.

2. Көчмө текшерүүнү дайындоо жана/же узартуу, жана/же токтотуп туруу, жана/же кайра баштоо жөнүндө чечимге даттануу тапшырылган учурдан тартып 5 жумушчу күндүн ичинде берилет.

3. Даттануунун көчүрмөсү салык төлөөчү тарабынан чечимине даттанылган салык органына жиберилет.

4. Ушул бөлүмдүн жоболорун бузуу менен берилген даттануу ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан себептерин көрсөтүү менен арыз ээсине кайтарылып берилет.

5. Салык төлөөчү даттануусу кайтарылып берилген себептер четтетилгенден кийин кайтарылган даттанууну алган күндөн кийинки 10 календардык күндүн ичинде, ал эми ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган учурларда 2 жумушчу күндүн ичинде ыйгарым укуктуу салык органына даттанууну кайра жиберүүгө укуктуу.

51. Ушул берененин 6-бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо, эгерде салык төлөөчү салык кызматынын органдарынын чечимине даттанууну ушул берененин 1, 2 жана 5-бөлүктөрүндө белгиленген мөөнөт аяктагандан кийин берсе, анда бул даттануу каралууга тийиш эмес, бул жөнүндө салык төлөөчүгө жазуу жүзүндө кабарланат.

6. Ушул берененин 1, 2 жана 5-бөлүктөрүндө белгиленген мөөнөттү жүйөлүү себептер боюнча өткөрүп жиберген учурда даттануу мөөнөтү салык кызматынын органынын чечимине даттануу менен бир убакта берилген салык төлөөчүнүн тиешелүү арызы боюнча ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан калыбына келтирилиши мүмкүн. Даттануунун өткөрүлүп жиберилген мөөнөтүн калыбына келтирүү жөнүндө арыз жүйөлүү себептердин негиздери жоюлган күндөн тартып 10 жумушчу күндүн ичинде берилиши мүмкүн. Даттануу мөөнөтүн калыбына келтирүү жөнүндө арыз канааттандырылганда даттануу кароого кабыл алынды деп эсептелет, бул салык кызматынын органынын даттанылып жаткан чечимин аткарууну токтотот.

Даттануу мөөнөтүн өткөрүп жиберүүнүн жүйөлүү себептери болуп төмөнкүлөр саналат:

1) салык төлөөчүнүн-жеке жактын же салык төлөөчүнүн-юридикалык жактын кызмат адамынын ооруп калуусу;

2) чечимди жеткирүү учурунда салык төлөөчүнүн-жеке жактын же салык төлөөчүнүн-юридикалык жактын кызмат адамынын Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары болушу;

3) салык төлөөчүнүн-жеке жактын же салык төлөөчүнүн-юридикалык жактын кызмат адамынын жакын тууганы каза болгондо.

(КР 2025-жылдын 12-февралындагы № 37, 2025-жылдын 31-июлундагы № 185 , 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243, 2026-жылдын 6-августундагы № 145 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [166-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-166)  
Кийинки берене: [168-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-168)
