# 165-берене. Салык кызматынын органынын кызмат адамынын жоопкерчилиги

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 19-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-165>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-165.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 165-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-165

---

1. Салык кызматынын органынын Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын бузууга күнөөлүү кызмат адамы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.

2. Салык кызматынын органынын укукка каршы аракеттерди жана/же аракетсиздикти жасаган кызмат адамы анын күнөөсү сот тартибинде аныкталгандан кийин салык кызматынын органдарында кандайдыр бир кызмат ордун ээлөөгө укуксуз.

3. Салык кызматынын органынын, же болбосо анын кызмат адамдарынын салык төлөөчүнүн укугун бузган мыйзамсыз аракеттеринин жана/же аракетсиздигинин натыйжасында, ошондой эле бул салык кызматынын органы же анын кызмат адамдары салык төлөөчүгө карата ушул Кодексте каралган милдеттерин талаптагыдай аткарбоосунун кесепетинен салык төлөөчүгө келтирилген чыгашанын орду ошол кызмат адамдары же салык кызматынын органдары тарабынан толтурулууга тийиш.

---

Мурунку берене: [164-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-164)  
Кийинки берене: [166-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-166)
