# 163-берене. Салыктын суммаларын азайтуу, салык отчетторун бербөө жана КНС мыйзамсыз чегерүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 19-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 августа 2026 года № 145 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230050101)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 06.08.2026 [Закон КР от 6 августа 2026 года № 145 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230050101); 31.12.2025 [Закон КР от 31 декабря 2025 года N 262 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения, социального страхования и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230038461); 29.10.2025 [Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409); 31.07.2025 [Закон КР от 31 июля 2025 года № 185 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам уменьшения налоговой нагрузки населения и субъектов предпринимательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230031070); 12.02.2025 [Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035); 23.07.2024 [Закон КР от 23 июля 2024 года № 136 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и социального страхования"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011207)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=45757..57656>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-163>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-163.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 163-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-163

---

1. Эгерде ушул беренеде башкача белгиленбесе жана көчмө текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча салык отчетунда көрсөтүлгөн салыктын суммасы салык отчетунда көрсөтүлүүгө тийиш болгон салыктын суммасына салыштырмалуу азайтылгандыгы салык органы тарабынан аныкталса, салык төлөөчүгө:

1) салыктын суммасы тиешелүү салыктык мезгилдеги салык отчетунда көрсөтүлүүгө тийиш болгон салыктын суммасына карата 10 пайызга чейинки өлчөмдө азайтылса - салык төлөөчүгө салык санкциясы колдонулбайт;

2) салыктын суммасы тиешелүү салыктык мезгилдеги салык отчетунда көрсөтүлүүгө тийиш болгон салыктын суммасына карата 10дон 50 пайызга чейинки өлчөмдө азайтылса - салык төлөөчүгө салыктын азайтылган суммасынан 50 пайыз өлчөмүндө салык санкциясы колдонулат;

3) салыктын суммасы тиешелүү салыктык мезгилдеги салык отчетунда көрсөтүлүүгө тийиш болгон салыктын суммасына карата 50 пайыздан жогорку өлчөмдө азайтылса - салык төлөөчүгө салыктын азайтылган суммасынан 100 пайыз өлчөмүндө салык санкциясы колдонулат.

1-1. Ушул Кодексте, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө мыйзамдарда жана салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарда каралган отчетторду жана/же эсептешүүлөрдү белгиленген мөөнөттө бербегендиги үчүн салык төлөөчүгө төмөнкүдөй салык санкциясы колдонулат:

1) жеке жактар үчүн 10 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө;

2) жеке ишкерлер үчүн 30 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө;

3) уюмдар үчүн 70 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө.

1-2. Ушул Кодекстин 107-беренесинде каралган декларацияны кошпогондо, белгиленген мөөнөттө бирдиктүү салык декларациясын тапшырбагандыгы үчүн салык төлөөчүгө 70 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө салык санкциясы колдонулат. Ушул берененин 1-1 жана 1-2-бөлүктөрүндө каралган учурларда салык отчету өз убагында берилбеген ар бир факт үчүн санкция колдонулат.

2. Эгерде көчмө текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча салык органы тарабынан салык төлөөчүнүн белгилүү бир салыктык мезгили үчүн салык отчетун бербегендиги аныкталса, ушул салык отчетунда чагылдырылууга тийиш болгон салык милдеттенмесинин бардык суммасы бюджетке өндүрүлөт жана ошол салык төлөөчүгө карата аныкталган салык милдеттенмесинин суммасынан 100 пайыз өлчөмүндө салык санкциясы колдонулат.

2-1. (КР 2025-жылдын 12-февралындагы N 37 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

3. Эгерде көчмө текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча салык органы тарабынан салык төлөөчү жараксыз эсеп-фактуралары боюнча сатып алынган материалдык ресурстар үчүн төлөнгөн же төлөнүүгө тийиш болгон КНС суммасын чегерүүгө болгон укугун пайдаланганы аныкталса, ошол салык төлөөчүгө чегерүүгө кабыл алынган КНС суммасынан 100 пайыз өлчөмүндө салык санкциясы колдонулат.

4. Эгерде рейддик салык контролунун жүрүшүндө салык органы тарабынан жалпы салык режиминин негизинде же ушул Кодекстин 423-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун "б" пунктчасына, 2-пунктуна жана 3-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн тутумунун негизинде иш жүргүзгөн салык төлөөчүдө баштапкы эсепке алуу документтери жок сатып алынган жана ыйгарым укуктуу салык органынын маалымат тутумуна киргизилбеген товарлардын болушу белгиленсе, ал салык төлөөчүгө мындай товардын рыноктук наркынан 5 пайыз өлчөмүндө киреше салыгы боюнча салыктык санкция колдонулат.

(КР 2024-жылдын 23-июлундагы № 136, 2025-жылдын 12-февралындагы № 37, 2025-жылдын 31-июлундагы № 185 , 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243, 2025-жылдын 31-декабрындагы № 262, 2026-жылдын 6-августундагы № 145 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [162-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-162)  
Кийинки берене: [164-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-164)
