# 160-берене. Салыктык укук бузуу жасагандыгы үчүн салык санкциясы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 18-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 29.10.2025 [Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409); 12.02.2025 [Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=36891..44293>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-160>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-160.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 160-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-160

---

1. Салык санкциясы салыктык укук бузуу жасагандыгы, салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарды жана камсыздандыруу төгүмдөрү жөнүндө мыйзамдарды бузуу үчүн жоопкерчилик чарасы болуп саналат.

2. Салык санкциясы ушул Кодексте каралган өлчөмдөгү акчалай жаза түрүндө белгиленет жана колдонулат.

3. Бир эле субъект эки же андан ашык салыктык укук бузуу жасаса, ушул Кодексте каралган салык санкциялары ар бир укук бузуу үчүн өз-өзүнчө, анча катуу эмес санкцияны кыйла катуу санкцияга алмаштырбастан өндүрүлөт.

4. Товарларды баштапкы документтери жок сатып алуу үчүн салык санкциясын колдонуу жөнүндө чечим салык кызматынын органы тарабынан кагаз жүзүндө кабыл алынат.

Башка учурларда салыктык санкция ыйгарым укуктуу салык органынын автоматташтырылган тутуму аркылуу эсептелет.

5. Ал жеткис күчтүн жагдайлары келип чыккан учурда, салыктык укук бузуу жасагандыгы үчүн салык санкциясы Министрлер Кабинетинин чечими боюнча колдонулбайт.

(КР 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 ,2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [159-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-159)  
Кийинки берене: [161-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-161)
