# 16-берене. Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын айрым учурларда убакытта колдонулушу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 16-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-16

---

1. Салык мезгилинде салык отчеттуулугун берүү, ошондой эле салык отчеттуулугун түзөтүү салык органына салык отчеттуулугу берилген жана берилүүгө тийиш мезгилде колдонулган салык мыйзамдарынын негизинде жүзөгө ашырылат.

2. Салыктык текшерүүнүн жыйынтыгында салык кызматынын органынын кызмат адамы тарабынан жүргүзүлгөн салык милдеттенмелерин эсептөө текшерүү мезгилинде колдонулган салык мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.

3. Ушул Кодекстин 19-главасында каралган укук бузууларды жасасагандыгы үчүн салык төлөөчүнүн жоопкерчилиги жөнүндө чечим ал чечим кабыл алынган күнү колдонулган салык мыйзамдарына ылайык салык кызматынын органы тарабынан кабыл алынат.

---

Мурунку берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-15)  
Кийинки берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-17)
