# 158-берене. Салыктык укук бузуу жасаганы үчүн жоопкерчиликке тартуунун жалпы принциптери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 18-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112552)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=1286441..1286442>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-158>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-158.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 158-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-158

---

1. Ушул Кодексте жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздерден жана тартиптен тышкары салыктык укук бузуу жасагандыгы үчүн эч ким жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн эмес.

2. Эч ким бир жана ошол эле салыктык укук бузуу жасагандыгы үчүн кайрадан жоопкерчиликке тартылбайт.

3. Салыктык укук мамилелеринин катышуучусун салыктык укук бузуу жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартуу салык төлөөчүнү жана анын кызмат адамдарын тийиштүү негиздер болгондо, ушул Кодексте, Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жана кылмыш-жаза жөнүндө мыйзамдарында каралган жоопкерчиликтен бошотпойт.

4. Салыктык укук бузуу жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартуу салык төлөөчүнү салык милдеттенмесин аткаруудан, ошондой эле ушул Кодекске ылайык туумдун жана салык санкцияларынын тиешелүү болгон суммасын төлөөдөн бошотпойт.

5. Салыктык укук мамилелеринин катышуучусу төмөнкү учурларда салыктык укук бузууну жасоого күнөөсүз деп таанылат:

1) анын күнөөсү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте аныкталбаса;

2) ал салык милдеттенмесин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөсүнө ылайык эсептесе;

3) ал салык милдеттенмесин ыйгарым укуктуу салык органынын жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөсүнө ылайык тартипте жана жол-жоболорду сактоо менен аткарса;

4) анын салык төлөөчүнүн же салык агентинин милдеттерин аткаруу боюнча аракеттеринин укук ченемдүүлүгү салыктык текшерүү актысы жана салык кызматынын органынын тиешелүү чечими менен ырасталса.

6. Жоопкерчиликке тартылуучу салык төлөөчү салыктык укук бузууну жасоодо өзүнүн күнөөлүү эместигин далилдөөгө милдеттүү эмес.

7. Салыктык укук бузуу фактысы жана анын жасалышына салык төлөөчүнүн күнөөсү жөнүндө күбөлөндүргөн жагдайды далилдөө милдети салык кызматынын органдарына жүктөлөт.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [157-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-157)  
Кийинки берене: [159-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-159)
