# 1531-берене. Мобилдик уюлдук байланыш операторлору менен өз ара аракеттенүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 17-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=13809..27071>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-1531>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-1531.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 1531-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-1531

---

Мобилдүү уюлдук байланыш операторлору салык карызынын абалы, салыктык башкаруунун жүрүшүндө көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө салык төлөөчүлөргө кабарлоо максатында салык кызматынын органдары менен өз ара аракеттенишет. Ушул беренени ишке ашыруу максатында:

1) мобилдик уюлдук байланыш операторлору акысыз негизде:

а) салык кызматынын органдарына абоненттин фамилиясы, аты, атасынын аты, абонент-юридикалык жактын толук аталышын, абоненттик номерлерин берет;

б) салык төлөөчүлөрдүн абоненттик номерлерине билдирүүлөрдү жөнөтүү үчүн салык кызматынын органдары менен техникалык өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырат;

2) салык кызматынын органдары:

а) алынган маалыматтарды жана техникалык мүмкүнчүлүктөрдү ушул берененин алкагында гана колдонот;

б) алынган маалыматтардын купуялуулугун камсыз кылышат.

(КР 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [153-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-153)  
Кийинки берене: [154-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-154)
