# 152-берене. Салык кызматынын органдарынын уюмдарга жана жеке жактарга лицензияларды жана уруксаттарды берүүнү жүзөгө ашыруучу органдар менен өз ара аракеттенүүсү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 17-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112552)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=1286441..1286442>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-152>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-152.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 152-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-152

---

1. Салык кызматынын органдары лицензияларды жана уруксаттарды берүүнү жүзөгө ашыруучу органдар менен алардан лицензия жана уруксат алган субъекттер жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле салык кызматынын органдарынын суроо-талаптары боюнча башка маалыматтарды алуу жолу менен өз ара аракеттенет.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн органдар салык кызматынын органдары менен өз ара аракеттенүү максатында ыйгарым укуктуу салык органына уюмдарга жана жеке жактарга лицензияларды жана уруксаттарды берүү боюнча маалыматтык тутумга кирүү мүмкүндүгүн Министрлер Кабинети аныктаган тартипте берүүгө милдеттүү.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [151-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-151)  
Кийинки берене: [1521-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-1521)
