# 151-берене. Салык кызматынын органдарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүсү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 17-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 29.10.2025 [Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409); 03.04.2023 [Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112552)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=36891..44293>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-151>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-151.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 151-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-151

---

1. Салык кызматынын органдары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүнү төмөнкүлөр аркылуу жүзөгө ашырат:

1) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан төмөнкүлөрдү алуу:

а) жергиликтүү салыктарды киргизүү боюнча чечимдерди;

б) экономикалык ишти жүргүзүүгө жана жеке турак үйлөрдү курууга уюмдарга жана жеке жактарга бөлүнгөн жер участоктору боюнча чечимдерди (токтомдорду);

в) мамлекеттик жана муниципалдык менчиктеги жерлерди пайдаланууга түзүлгөн ижара келишимдери жөнүндө маалыматты;

г) (КР 2025-жылдын 29-октябрындагы N 243 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

д) мүлк салыгы боюнча бошотуулар жөнүндө чечимдерди;

е) салык постун орнотуу боюнча кайрылууларды;

ж) аларга тийиштүү мамлекеттик ыйгарым укуктар берилген учурда ушул Кодекстин XIII бөлүмүндө жана 56-главасында каралган ченемдерди салык төлөөчү бузганда түзүлгөн протоколдорду;

з) экономикалык ишти жүзөгө ашырууга тиешелүү уруксаттарды берүү, мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турган жерлерди пайдаланууга түзүлгөн ижара келишимдерин каттоо жана ишкердик иштин объекттерин каттоо боюнча колдонулуучу маалыматтык тутумга кирүү мүмкүндүгүн берүү;

2) ушул Кодексте каралган комиссиялардын ишине биргелешип катышуу;

3) салык салуу максатында биргелешкен иш-чараларды өткөрүү;

4) жергиликтүү бюджеттердин киреше бөлүгүн биргелешип болжолдоо.

2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз компетенциясынын чегинде салык төлөөчүлөрдү эсепке алууда жана салыктарды чогултууда салык кызматынын органдарына көмөк көрсөтүшөт.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык, 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 )

---

Мурунку берене: [150-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-150)  
Кийинки берене: [152-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-152)
