# 15-берене. Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын мейкиндик, убакыт жана адамдар чөйрөсү боюнча колдонулушу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 23 июля 2024 года № 136 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и социального страхования"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011207)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 23.07.2024 [Закон КР от 23 июля 2024 года № 136 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и социального страхования"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011207); 03.04.2023 [Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112552)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=2264..13809>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 15-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-15

---

1. Тиешелүү аймакта колдонулуучу жергиликтүү кеңештердин ченемдик укуктук актыларын кошпогондо, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында колдонулат.

2. Ушул Кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү бир жылда бир жолудан ашыкча эмес жүргүзүлөт, ал жеткис күчтүн жагдайлары пайда болуу, карама-каршылыктарды жоюу же салыктык укук мамилелерин жөнгө салуу үчүн зарыл болгон ченемдер жок болгон учурларды кошпогондо, ал кийинки календардык жылдын биринчи январынан баштап күчүнө кирет.

Ушул бөлүк менен каралган өзгөртүүлөрдү киргизүү Жогорку Кеңештин Регламенти менен белгиленген тартипте бирдиктүү ченемдик укуктук актыны түзүү жолу менен ишке ашырылат. Ушул бөлүктүн жоболору Кыргыз Республикасынын Президентинин ченемдик укуктук актыларын ишке ашыруу максатында ушул Кодекске өзгөртүүлөр киргизилген учурларга жайылтылбайт.

3. Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары артка карай колдонулушу мүмкүн, эгерде өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө ченемдик укуктук актыда түздөн-түз каралып ал:

1) салыкты жокко чыгарса;

2) салыктын ставкаларынын өлчөмүн төмөндөтсө;

3) салыктык укук мамилелеринин катышуучусунун милдетинен бошотулса;

4) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талаптарын бузгандык үчүн жоопкерчиликтен бошотулса же жоопкерчилиги жеңилдетилсе;

5) салыктык укук мамилелеринин катышуучусунун укуктарын коргоонун кошумча кепилдиктери белгиленсе;

6) салыктык укук мамилелеринин катышуучусунун абалы башкача түрдө жакшыртылса.

4. Жаңы салыктарды белгилөөчү, салыктардын ставкаларынын өлчөмдөрүн жогорулатуучу, салыктык укуктарды бузгандык үчүн жоопкерчиликти белгилөөчү же күчөтүүчү, салыктык укук мамилелеринин катышуучуларынын жаңы салык милдеттенмелерин белгилөөчү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары артка карай колдонулбайт.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын, 2024-жылдын 23-июлундагы № 136 редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-14)  
Кийинки берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-16)
