# 145-берене. Салык кызматынын органдарынын салык салынуучу объекттерди каттоону жүзөгө ашыруучу органдар менен өз ара аракеттенүүсү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 17-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 31 июля 2025 года № 185 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам уменьшения налоговой нагрузки населения и субъектов предпринимательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230031070)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 31.07.2025 [Закон КР от 31 июля 2025 года № 185 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам уменьшения налоговой нагрузки населения и субъектов предпринимательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230031070); 12.02.2025 [Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035); 02.02.2024 [Закон КР от 2 февраля 2024 года № 31 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230001081); 03.04.2023 [Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112552)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=34825..36891>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-145>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-145.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 145-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-145

---

1. Салык кызматынын органдары жана кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоону жана транспорт каражаттарын каттоону жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу органдар төмөнкүдөй маалымат алмашуу максатында маалымат тутумдары аркылуу өз ара аракеттенишет:

1) мүлк жөнүндө - катталган же каттоодон чыгарылган салык салуу объекттери, алардын параметрлери жөнүндө;

2) мүлктүн менчик ээси болуп саналган субъекттер жөнүндө;

3) мүлк салыгы боюнча салык карызынын бар же жок экендиги жөнүндө;

4) катталган же каттоодон чыгарылган транспорт каражаттары, алардын параметрлери жана менчик ээлери жөнүндө.

Көрсөтүлгөн органдардын өз ара аракеттенүүсүнүн, маалымат алмашуусунун, маалыматка жол берүүнүн жана маалымат тутумдарын интеграциялоонун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн органдар маалымат тутумдары интеграцияланбаган учурда менчик укугун же салык салуу объектисин мамлекеттик каттоо жөнүндө маалыматты өзү жайгашкан жердеги салык органына ай сайын, отчеттук айдан кийинки айдын 20сынан кечиктирбеген мөөнөттө берүүгө милдеттүү.

3. Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоодо ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн орган төмөнкүлөргө милдеттүү:

- мүлк салыгы боюнча салык карызынын бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты маалымат тутумунда текшерүүгө;

- мүлк салыгы боюнча 5 же андан көп эсептик көрсөткүчтөн ашкан салык карызы болсо, салык карызы жоюлганга чейин кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоодон баш тартууга.

Мамлекеттик же муниципалдык менчикке өткөрүлүп берилген кыймылсыз мүлктү, ошондой эле банкрот деп таанылган (жарыяланган) субъекттердин кыймылсыз мүлкүнө укуктарын каттоодо жогоруда көрсөтүлгөн маалыматтарды алуу талап кылынбайт.

4. Салык кызматынын органдары укуктардын салык салынуучу объекттерге өтүшүнө байланышкан бүтүмдөрдү, анын ичинде нотариалдык бүтүмдөрдү жана Кыргыз Республикасынын фонддук биржасындагы бүтүмдөрдү каттоону жүзөгө ашыруучу башка органдар менен өз ара аракеттенет. Ушул бөлүктө көрсөтүлгөн органдар өздөрүнүн маалыматтык тутумдарын ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык тутуму менен интеграциялоого жана/же өзү жайгашкан жердеги салык органына бүтүмдөрдү каттоо жөнүндө маалыматты квартал сайын, отчеттук кварталдын акыркы айынан кийинки айдын 20сынан кечиктирбестен берип турууга милдеттүү. Маалыматтык тутумдарды интеграциялоонун тартиби Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2024-жылдын 2-февралындагы № 31, 2025-жылдын 12-февралындагы № 37, 2025-жылдын 31-июлундагы № 185 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [1441-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-1441)  
Кийинки берене: [146-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-146)
