# 1441-берене. Салык кызматынын органдарынын Навигациялык пломбанын улуттук оператору менен өз ара аракеттенүүсү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 17-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=13809..27071>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-1441>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-1441.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 1441-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-1441

---

1. Салык кызматынын органдарынын Навигациялык пломбанын улуттук оператору менен өз ара аракеттенүүсү Министрлер Кабинети аныктаган тартипте жүзөгө ашырылат.

2. Салык кызматынын органдары Навигациялык пломбанын улуттук оператору менен өз ара аракеттенүүнү Навигациялык пломбанын улуттук операторунун маалымат тутуму аркылуу жүзөгө ашырат.

3. Навигациялык пломбанын улуттук оператору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ЕАЭБ укугуна ылайык төмөнкүлөрдү камсыз кылат:

1) мүчө мамлекеттердин аймактары боюнча ташууларды көзөмөлдөө үчүн колдонулуучу маалымат тутумунун ишин суткасына 24 саат бою, жумасына 7 күн туруктуу негизде;

2) маалымат тутуму аркылуу навигациялык пломбаларды колдонуу менен мүчө мамлекеттердин аймактары боюнча ташууларды көзөмөлдөөнү;

3) программалык камсыздоону пайдалануу менен маалыматты чогултууну, кайра иштетүүнү, берүүнү жана сактоону;

4) ташууларды көзөмөлдөө менен байланышкан маалымат тутумдарынын иштөөсүнө карата ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу салык органына көмөктөшүүнү;

5) маалымат тутумдарын даярдоо жана аларды техникалык коштоо боюнча техникалык тапшырмаларды/талаптарды өз убагында иштеп чыгууну, ыйгарым укуктуу салык органы менен макулдашуу боюнча толуктап иштеп чыгууну жана өркүндөтүүнү;

6) контролдоочу органга өзүнүн маалымат тутумуна кирүү мүмкүнчүлүгүн берүүнү.

4. Навигациялык пломбанын улуттук оператору Навигациялык пломбанын улуттук операторунун милдеттерин аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчилик тартат.

5. Эгерде Навигациялык пломбанын улуттук операторуна карата укук бузуулардын эки факты боюнча жаза чарасы колдонулган жыл ичинде Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык кайталап укук бузуу белгиленсе, анда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Навигациялык пломбанын улуттук операторун алмаштыруу жөнүндө маселе демилгеленет.

(КР 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [144-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-144)  
Кийинки берене: [145-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-145)
