# 144-берене. Салык кызматынын органдарынын Маркалоо оператору менен өз ара аракеттенүүсү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 17-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112552)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=1286441..1286442>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-144>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-144.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 144-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-144

---

1. Салык кызматынын органдарынын Маркалоо оператору менен өз ара аракеттенүүсү ушул Кодексте жана Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген ыйгарым укуктардын чегинде жүзөгө ашырылат.

2. Салык кызматынын органдары төмөнкү маалыматтарды алуу максатында "Товарларды маркалоо" МАМС аркылуу Маркалоо оператору менен өз ара аракеттенишет:

1) идентификациялоо каражаттары менен маркалоого тийиш болгон товарларды жүгүртүүнү жүзөгө ашырган салык төлөөчүлөр жөнүндө;

2) идентификациялоо каражаттары менен милдеттүү маркалоого тийиш болгон товарлар жөнүндө;

3) идентификациялоо каражаттары менен милдеттүү маркалоого тийиш болгон товарларга коюлган идентификациялоо каражаттары жөнүндө;

4) бул товарларды керектөөчүлөр тарабынан аныкталган идентификациялоо каражаттары менен товарларды милдеттүү маркалоо жөнүндө талаптардын бузулушу тууралуу;

5) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары менен аныкталуучу башка маалыматтарды.

3. Маркалоо оператору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ЕАЭБ укуктарына ылайык төмөнкүлөрдү камсыз кылат:

а) маалыматтарды жыйноону, берүүнү, иштеп чыгууну жана сактоону, анын ичинде фискалдык программалык камсыз кылууну колдонуу менен;

б) "Товарларды маркалоо" МАМС иштешин;

в) Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте идентификациялоо каражаттары менен милдеттүү маркалоого тийиш товарларга байкоо жүргүзүүнү;

г) "Товарларды маркалоо" МАМТнын жана маркалануучу товарларга байкоо жүргүзүүгө байланышкан маалыматтык тутумдардын иштөөсүнө жана техникалык эксплуатациялоого карата ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу салык органына көмөк көрсөтүүнү.

д) маалыматтык тутумдарды даярдоо боюнча техникалык тапшырмаларды/талаптарды өз убагында иштеп чыгууну жана аларды техникалык коштоону, ыйгарым укуктуу салык органы менен макулдашуу боюнча толуктап иштеп чыгууну жана өркүндөтүүнү;

е) "Товарларды маркалоо" МАМТнын тутумдук негизинде өз убагында өркүндөтүү жана толуктап иштеп чыгуу.

4. Маркалоо оператору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ЕАЭБ укуктарына ылайык жүктөлгөн иш-милдеттерди аткаруу максатында төмөнкүлөргө укуктуу:

1) товарларды маркалоонун бирдиктүү эмитенти/улуттук оператору (администратору) катары чыгууга;

2) ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин жана башка мамлекеттердин эмитенттери/операторлору, ошондой эле программалык камсыздоонун укук ээси менен коммерциялык негизде макулдашууларды/контракттарды/келишимдерди түзүүгө;

3) көрсөтүлүүчү кызматтары, анын ичинде товарларды маркалоо коддорун берүү жана генерациялоо үчүн төлөмдөрдү жыйноого.

Маркалоо тутумуна жана маркаланган товарларга байкоо жүргүзүүгө 3 жылда бир жолу маалыматтык коопсуздук аудити жүргүзүлүүгө тийиш. (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [143-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-143)  
Кийинки берене: [1441-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-1441)
