# 141-берене. Салык кызматынын органдарынын бажы органдары, финансылык чалгындоо органдары жана ички иштер органдары менен өз ара аракеттенүүсү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 17-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112552)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=1286441..1286442>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-141>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-141.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 141-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-141

---

1. Салык кызматынын органдарынын бажы органдары, финансылык чалгындоо органдары жана ички иштер органдары менен өз ара аракеттенүүсү ушул Кодексте, Кыргыз Республикасынын бажы иши, ыкчам издөө иши, террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарында, түзүлгөн эки тараптуу (көп тараптуу) макулдашууларда белгиленген ыйгарым укуктардын чегинде жүзөгө ашырылат.

2. Салык кызматынын органдары ушул Кодексте каралган тартипте маалыматтарды жана материалдарды алмашуу, алуу жана берүү аркылуу бажы органдары, финансылык чалгындоо органдары жана ички иштер органдары менен өз ара аракеттенүүсүн жүзөгө ашырат.

3. Салык кызматынын органдары:

1) финансылык чалгындоо органдары, бажы органдары жана ички иштер органдары аныктаган жана жиберген, документ менен ырасталган, салык төлөөчүнүн салык милдеттенмелерин аткарууга байланышкан маалыматтарды жана материалдарды карайт жана ушул Кодексте белгиленген тартипте алар боюнча салык төлөөчүгө карата тиешелүү чечимди кабыл алат же чечим кабыл алуудан баш тартат, же кылмыш-жаза, кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдардын ченемдерине ылайык чечим кабыл алат;

2) (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

3) бажы органдарынан экспорттук-импорттук операциялар боюнча, ошондой эле КНС шарттуу эсептөө менен импорттолуучу негизги каражаттар боюнча толук маалыматтар базасын алат;

4) бажы органдарына тийиштүү материалдарды жиберүү аркылуу көчмө текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталган бажылык укук бузуу фактылары боюнча маалыматтарды берет.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [140-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-140)  
Кийинки берене: [142-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-142)
