# 140-берене. Салык салуу максаттары үчүн товарлардын, жумуштардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн рыноктук баасын аныктоонун маалымат булактары жана усулдары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 16-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 2 февраля 2024 года № 31 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230001081)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 02.02.2024 [Закон КР от 2 февраля 2024 года № 31 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230001081); 03.04.2023 [Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112552)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=1286442..2264>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-140>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-140.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 140-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-140

---

1. Товарлардын рыноктук баасын аныктоодо төмөнкүлөргө карата төмөнкү маалымат булактары колдонулат:

1) аларга карата мамлекеттик жөнгө салынуучу баалар (тарифтер) белгиленген товарлар, жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр, рыноктук баа деп көрсөтүлгөн баалар (тарифтер) таанылат;

2) металлдарга жана мунай продуктуларына карата рыноктук баа катары биржалардагы баалар колдонулат, алардын тизмеси Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө саналып өтпөгөн товарлар, жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн товардын, жумуштун жана кызмат көрсөтүүнүн рыноктук баасы Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин ар кварталдык баалардын бюллетенинин маалыматтары боюнча операция жүргүзүлгөн датага карата аныкталат.

3. Ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө саналып өтпөгөн товарлар үчүн товардын, жумуштун же кызмат көрсөтүүнүн рыноктук баасы бул товарды, жумушту же кызмат көрсөтүүнү сатуу учурунда окшош жана/же бир түрдүү товарлар, жумуштар же кызмат көрсөтүүлөр менен салыштырылуучу шарттарда түзүлгөн бүтүмдөр жөнүндө маалыматтын негизинде аныкталат. Атап айтканда, берилүүчү товарлардын саны жана көлөмү (мисалы, товардык партиянын көлөмү), милдеттенмелерди аткаруу мөөнөтү, мындай түрдөгү бүтүмдөрдө адатта колдонулуучу төлөмдөрдүн шарттары сыяктуу бүтүмдөрдүн шарттары, ошондой эле бааларга таасирин тийгизиши мүмкүн болгон башка акылга сыярлык шарттар эске алынат.

Мында окшош, андайлар жок болсо - бир түрдүү товарлардын, жумуштардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн рыногунда бүтүмдөрдүн шарттары, эгерде мындай шарттардын ортосундагы айырмачылык мындай товарлардын, жумуштардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн баасына олуттуу таасир тийгизбесе, же болбосо түзөтүүлөрдүн жардамы менен эске алынышы мүмкүн болсо салыштырылуучу деп таанылат. Товарларга, жумуштарга, кызмат көрсөтүүлөргө рыноктук бааларды аныктоодо, өз ара көз каранды эмес жактардын ортосундагы бүтүмдөр эске алынат.

4. Ушул берененин мурунку бөлүктөрүндө саналып өтпөгөн товарлар үчүн рыноктук баа кийинки сатуу баасынын усулу боюнча аныкталат. Бул усулга ылайык салык төлөөчү тарабынан сатылган товардын, жумуштун же кызмат көрсөтүүнүн рыноктук баасы товар, жумуш же кызмат көрсөтүү аларды сатып алуучу тарабынан кийин кайра сатууда сатылган баасы катары аныкталат. Мында ушундай учурлар үчүн адаттагыдай ошол сатып алуучунун салык төлөөчүдөн сатып алган товарды, жумушту же кызмат көрсөтүүнү кайра сатууда жана рынокко чыгарууда тарткан чыгымдары, ошондой эле иштин бул чөйрөсү үчүн адаттагыдай сатып алуучунун пайдасы эске алынат.

5. Кийинки сатуу баасынын усулун колдонуу мүмкүн болбогондо наркын кошуунун негизиндеги усул колдонулат. Бул усулга ылайык салык төлөөчү саткан товардын, жумуштун же кызмат көрсөтүүнүн рыноктук баасы кеткен сарптоолордун жана иштин бул чөйрөсү үчүн адаттагыдай пайданын суммасы катары аныкталат. Мында ушундай учурлар үчүн адаттагыдай товарды, жумушту же кызмат көрсөтүүнү өндүрүүгө жана/же сатып алууга жана/же сатууга кеткен түз же кыйыр чыгымдар, ушундай учурлар үчүн адаттагыдай ташууга, сактоого, камсыздандырууга жана башка ушул сыяктуу сарптоолорго кеткен чыгымдар эске алынат.

6. (Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 2-февралындагы № 31 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

7. Ушул беренеде белгиленген товарлардын, жумуштардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн рыноктук баасын аныктоо усулдары товарлардын сапатынын же башка керектөө касиеттеринин жоголушуна байланыштуу колдонулбайт. Товарлардын сапатынын же башка керектөө касиеттеринин жоголушу менен байланышкан товарлардын, жумуштардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын төмөндөтүү Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте аныкталат.

8. Салык кызматынын органынын чечимине салык төлөөчүнүн даттануусу жөнүндө ишти кароодо сот ушул главада саналып өткөн жагдайлар менен чектелбестен, салык салуу максатында бүтүмдүн баасын аныктоо үчүн мааниге ээ болгон бардык жагдайларды эске алууга укуктуу.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2024-жылдын 2-февралындагы № 31 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [139-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-139)  
Кийинки берене: [141-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-141)
