# 14-берене. Салыктык жеңилдиктердин натыйжалуулугу принциби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 14-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-14

---

1. Салыктык жеңилдиктер ушул берене менен каралган максаттарга жетүүгө багытталууга тийиш.

2. Салыктык жеңилдиктер төмөнкү максаттарда берилет:

1) Кыргыз Республикасынын экономикасынын туруктуу өнүгүшүнө дем берүү;

2) туруктуу өнүктүрүү үчүн экономиканын артыкчылыктуу секторлоруна инвестицияларды жана каржылоону тартуу;

3) Өлкөнү өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын негизги артыкчылыктарына жетишүү;

4) калкты социалдык жактан колдоо;

5) коомдук пайдалуу, анын ичинде кайрымдуулук иштерин колдоо.

3. Салыктык жеңилдиктерди пайдаланган жеке ишкер жана уюм ушул Кодекс менен белгиленген тартипте салыктык жеңилдиктердин натыйжалуулугун баалоо үчүн маалымат берүүгө милдеттүү.

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-15)
