# 139-берене. Салык салуу максаттары үчүн товарлардын, жумуштардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн рыноктук баасын колдонуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 16-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 августа 2026 года № 145 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230050101)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 06.08.2026 [Закон КР от 6 августа 2026 года № 145 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230050101); 29.10.2025 [Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409); 31.07.2025 [Закон КР от 31 июля 2025 года № 185 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам уменьшения налоговой нагрузки населения и субъектов предпринимательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230031070); 12.02.2025 [Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035); 02.02.2024 [Закон КР от 2 февраля 2024 года № 31 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230001081); 03.04.2023 [Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112552)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=45757..57656>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-139>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-139.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 139-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-139

---

1. Эгерде ушул беренеде башкача каралбаса, салык салуунун максаттары үчүн товарлардын, жумуштардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн тараптар иш жүзүндө колдонгон бүтүмдөрдөгү баалары эске алынат. Эгерде тескерисинче далилденбесе, бул баа рыноктук баалардын деңгээлине ылайык деп болжолдонот.

2. Салык органдары салыктардын толук эсептелишине контролду жүзөгө ашырууда бүтүмдөр боюнча бааларды колдонуунун тууралыгын төмөнкүдөй учурларда гана текшерүүгө укуктуу:

1) өз ара көз каранды субъекттердин ортосундагы зайым келишимдерин кошпогондо, өз ара көз каранды жактардын ортосундагы бүтүмдөрдө;

2) товар алмашуу (бартердик) операциялар боюнча;

3) тышкы соода бүтүмдөрүн жасоодо;

4) товарларды, жумуштарды же кызмат көрсөтүүлөрдү сатуу жөнүндө ырастоочу документтер болбогондо;

5) аракетсиз жактын белгилери бар субъекттер же жеке маалыматтары көрсөтүлбөгөн субъекттер менен бүтүм түзүлгөндө;

6) атайын салык режимин колдонуучу ишкердиктин субъекттери менен бүтүм түзүлгөндө;

7) (Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 2-февралындагы № 31 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

3. Ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган учурларда, бүтүм түзгөн тараптар товарларга, жумуштарга же кызмат көрсөтүүлөргө колдонгон баалар рыноктук баадан 20 пайыздан ашык айырмаланса, салык органы бул бүтүмдүн натыйжасы тийиштүү товарларга, жумуштарга же кызмат көрсөтүүлөргө рыноктук бааларды колдонууга жараша баалангандай түрдө эсептелген салыкты, туумду жана салык санкцияларын кошуп эсептөө жөнүндө жүйөлүү чечимди чыгарууга укуктуу.

31. Ушул берененин 2-бөлүгүнүн 5 жана 6-пункттарында көр-сөтүлгөн субъекттердин дарегине сатуу баалары жалпы салык режиминде иш жүргүзгөн субъекттердин дарегине сатуу баасынан төмөн болгон салык төлөөчүгө карата товардын рыноктук баасы аныкталган учурда рыноктук баа катары жалпы салык режиминде иш жүргүзгөн субъекттердин дарегине сатылган бир түрдүү товарлардын орточо өлчөнгөн баасы колдонулат.

Ушул бөлүктүн максаттары үчүн товардын орточо өлчөнгөн баасын эсептөөдө өзүнүн керектөө сапатын жарым-жартылай жоготкон же белгиленген жарактуулук мөөнөтүнүн 20 пайызы-на чейин колдонуу мөөнөтү өтүп кеткен баасы төмөндөтүлгөн товарлар боюнча баалар эсепке алынбайт.

4. Рыноктук баа ушул Кодекстин 140-беренесинде каралган салык салуу максаттары үчүн товарлардын, жумуштардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн рыноктук баасын аныктоо усулдарына ылайык аныкталат, алардын ар бири мурдагыларды колдонуу үчүн жетиштүү маалымат жок учурда ырааттуу түрдө колдонулат.

5. Рыноктук бааны аныктоодо баага кадимки кошумча акылар же өз ара көз каранды эмес жактардын ортосунда бүтүмдөрдү түзүүдө белгиленүүчү арзандатуулар эске алынат. Атап айтканда, төмөнкүлөрдөн улам келип чыккан кошумча акылар жана арзандатуулар эсепке алынат:

1) товарларга, жумуштарга, кызмат көрсөтүүлөргө керектөө суроо-талабынын сезондук же башка өйдө-ылдый болушунан;

2) Министрлер Кабинети белгилеген тартипте товарлардын сапатын же башка керектөө касиеттерин жоготушунан;

3) товарлардын жарактуулук же аларды сатуу мөөнөттөрүнүн бүтүшүнөн же мөөнөттөрүнүн бүтүү датасынын жакындашынан;

4) маркетингдик саясаттан, анын ичинде окшош эмес жаңы товарларды рынокторго чыгаруудан, ошондой эле товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жаңы рынокторго чыгаруудан;

5) керектөөчүлөргө тааныштыруу максатында товарлардын тажрыйбалуу моделдерин жана үлгүлөрүн сатуудан.

6. Товарлардын, жумуштардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн рыноктук бааларын аныктоодо өз ара көз каранды эмес жактардын ортосундагы бүтүмдөр көңүлгө алынат. Өз ара көз каранды жактардын ортосундагы бүтүмдөр бул жактардын өз ара көз карандылыгы мындай бүтүмдөрдүн натыйжаларына таасирин тийгизбеген учурларда гана көңүлгө алынышы мүмкүн.

7. Товарларга, жумуштарга, кызмат көрсөтүүлөргө рыноктук бааны аныктоодо жана таанууда товарларга, жумуштарга, кызмат көрсөтүүлөргө рыноктук баалар жана биржалык котировкалар жөнүндө маалыматтын расмий булактары, мамлекеттик органдардын жана өз алдынча башкаруу органдарынын маалыматтар базасы, салык төлөөчүлөр салык органдарына берген маалыматтар, ошондой эле башка тиешелүү маалыматтар колдонулат.

8. (Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 2-февралындагы № 31 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

9. (Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 2-февралындагы № 31 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2024-жылдын 2-февралындагы № 31, 2025-жылдын 12-февралындагы № 37, 2025-жылдын 31-июлундагы № 185 , 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243, 2026-жылдын 6-августундагы № 145 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [138-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-138)  
Кийинки берене: [140-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-140)
