# 138-берене. Баалоонун кыйыр усулдарын пайдалануу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 16-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 23 июля 2024 года № 136 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и социального страхования"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011207)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=2264..13809>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-138>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-138.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 138-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-138

---

1. Салык милдеттенмеси салык кызматынын органы тарабынан төмөнкү учурларда кыйыр усулдардын негизинде аныкталат:

1) калк менен накталай эсептешүү үчүн операцияларды эсепке алуу тартиби бузулганда;

2) баштапкы эсепке алуу документтери болбогондо;

3) көрсөткүчү салык төлөөчүнүн кабинетинде көрсөтүлгөн жалданма кызматкерлердин санынан ашкан жалданма кызматкерлердин иш жүзүндөгү санын жашыруу фактысы аныкталганда.

2. Салык милдеттенмесин эсептөөнүн кыйыр усулдарын колдонуу активдерди, милдеттенмелерди, жүгүртүүнү, сарптоолорду, чыгашаларды баалоонун жана/же Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте орнотулган салык постунун натыйжалары боюнча алынган маалыматтардын негизинде жүзөгө ашырылат.

Жалданма кызматкерлер боюнча салык милдеттенмелерин эсептөөнүн кыйыр усулунда ушул Кодекстин 187-беренесине ылайык белгиленген орточо айлык эмгек акынын өлчөмү колдонулат. (КР 2024-жылдын 23-июлундагы № 136 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [137-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-137)  
Кийинки берене: [139-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-139)
