# 137-берене. Ушул главада пайдаланылуучу терминдер жана аныктамалар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 16-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-137>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-137.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 137-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-137

---

Ушул главада төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар пайдаланылат:

1) окшош товарлар - негизги белгилери бирдей мүнөздөгү товарлар. Товарлардын окшоштугун аныктоодо алардын физикалык мүнөздөмөлөрү, сапаты жана рыноктогу аброю, чыгарган өлкөсү жана өндүрүүчүсү эске алынат. Товарлардын окшоштугун аныктоодо алардын тышкы түрүндөгү анча-мынча айырмачылыктары эске алынбайт;

2) бир түрдүү товарлар - окшош эмес болуп туруп, окшош мүнөздөмөлөргө ээ жана окшош компоненттерден турган товарлар, эгерде мындай товарлардын ортосундагы айырмачылык алардын баасына олуттуу таасирин тийгизбеген же болбосо түзөтүүлөрдүн жардамы менен эске алынышы мүмкүн болгон учурда, аларга бир же ошол эле иш-милдетти аткарууга жана/же коммерциялык жактан бири-бирин алмаштырууга мүмкүндүк берет. Товарлардын бир түрдүүлүгүн аныктоодо алардын сапаты, товардык белгисинин болушу, рыноктогу аброю, чыгарган өлкөсү эске алынат;

3) товарларлардын, жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн рыногу - Кыргыз Республикасынын аймагындагы же Кыргыз Республикасынын чегинен сырткаркы сатып алуучуга же сатуучуга карата жакын товарды, жумушту, кызмат көрсөтүүнү реалдуу же олуттуу кошумча чыгымдары жок сатып алууга же сатууга сатуучунун же сатып алуучунун мүмкүнчүлүктөрүнө жараша аныкталуучу ушул товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жүгүртүү чөйрөсү;

4) товардын, жумуштун, кызмат көрсөтүүнүн рыноктук баасы - рыноктогу суроо-талаптын жана сунуштун өз ара аракетинде окшош, ал эми алар жок болгон учурда - салыштырмалуу экономикалык шарттардагы бир түрдүү товарларга, жумуштарга, кызмат көрсөтүүлөргө түзүлгөн баа.

---

Мурунку берене: [136-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-136)  
Кийинки берене: [138-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-138)
