# 136-берене. Салыктык иш-аракеттердин өндүрүшүндө түзүлгөн протоколго карата коюлуучу жалпы талаптар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 15-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-136>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-136.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 136-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-136

---

1. Ушул Кодексте каралган учурларда текшерүүнү жүзөгө ашыруу боюнча иш-аракеттерди жүргүзүүдө протокол түзүлөт.

2. Протоколдо төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

1) анын аталышы;

2) конкреттүү иш-аракет жүргүзүлгөн жер жана дата;

3) иш-аракет башталган жана аяктаган убакыт;

4) протокол түзгөн адамдын кызматы, аты-жөнү;

5) иш-аракетке же аны жүргүзүүгө катышкан ар бир адамдын аты-жөнү, ал эми зарыл болгон учурларда - анын дареги, жарандыгы, ал мамлекеттик же расмий тилди биле тургандыгы тууралуу маалымат;

6) иш-аракеттин мазмуну, аны жүргүзүүнүн ырааттуулугу;

7) иш-аракеттин өндүрүшүндө аныкталган, иш үчүн олуттуу фактылар жана жагдайлар.

3. Протокол иш-аракеттин өндүрүшүнө же аны жүргүзүүгө катышкан бардык адамдар тарабынан окулат. Көрсөтүлгөн адамдар протоколго киргизилүүгө же ишке тиркелүүгө тийиш болгон сын-пикирлерин айтууга укуктуу.

4. Протоколго аны түзгөн салык кызматынын органынын кызмат адамы, ошондой эле иш-аракеттин өндүрүшүнө катышкан же аны жүргүзүүгө катышкан бардык адамдар кол коюшат.

5. Протоколго фотографиялык сүрөттөр жана негативдер, киноленталар, видеожазуулар жана иш-аракетти жүргүзүүдө аткарылган башка материалдар тиркелиши мүмкүн.

---

Мурунку берене: [135-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-135)  
Кийинки берене: [137-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-137)
