# 135-берене. Экспертиза

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 15-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-135>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-135.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 135-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-135

---

1. Зарыл болгон учурларда, анын ичинен салыктык контролдоо боюнча иш-аракеттерди жүргүзүүдө салыктык укук мамилелеринин тараптары төмөнкүлөрдүн каражаттарынын эсебинен келишимдик негизде экспертти тартышы мүмкүн:

1) республикалык бюджеттин же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджетинин;

2) салык төлөөчүнүн, салык төлөөчүлөрдүн уюмдарынын, анын ичинде бизнес-ассоциациялардын, ушул субъекттердин кесиптик бирикмесинин.

2. Ушул беренеде эксперт деп атайын билими бар жана салыктык укук мамилелеринин тараптары тарабынан экспертиза жүргүзүү үчүн тартылуучу адам түшүнүлөт.

3. Эксперттин алдына коюлган маселелер жана анын корутундусу эксперттин атайын билимдеринин чегинен чыкпоого тийиш.

4. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган учурларда экспертиза жүргүзүү жөнүндө чечим салык төлөөчүнүн же салыктык текшерүү жүргүзүүчү салык кызматынын органынын кызмат адамынын арызы боюнча салык органынын жетекчиси тарабынан кабыл алынат.

Чечимде төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

1) экспертиза дайындоо үчүн негиздер;

2) эксперттин аты-жөнү жана экспертиза жүргүзүлүүгө тийиш болгон уюмдун аталышы;

3) эксперттин алдына коюлган маселелер;

4) эксперттин карамагына берилүүчү материалдар.

5. Эксперт экспертизалоо предметине таандык текшерүү материалдары менен таанышууга, ага кошумча материалдарды берүү жөнүндө өтүнүч билдирүүгө укуктуу.

6. Эксперт эгерде ага берилген материалдар жетишсиз болсо же анын экспертиза жүргүзүү үчүн зарыл болгон билими жок болсо, корутунду берүүдөн баш тарта алат.

7. Салыктык текшерүү жүргүзүүчү салык кызматынын органынын кызмат адамы текшерилүүчү салык төлөөчүнү ушул берененин 4-бөлүгүнө ылайык кабыл алынган чечим менен тааныштырууга жана ушул берененин 9-бөлүгүндө каралган анын укуктарын түшүндүрүүгө милдеттүү, бул тууралуу протокол түзүлөт.

8. Эксперт өзүнүн атынан кат жүзүндө корутунду берет. Эксперттин корутундусунда ал жүргүзгөн изилдөөлөр, коюлган маселелерге карата тыянактар жана негиздүү жооптор жазылат. Эгерде эксперт экспертиза жүргүзүүдө иш үчүн маанилүү болгон, алар боюнча ага маселе коюлбаган жагдайларды аныктаса, ал мындай жагдайлар тууралуу тыянактарды өзүнүн корутундусуна киргизүүгө укуктуу.

9. Эксперттин корутундусу же анын корутунду берүүгө мүмкүн эместиги жөнүндө билдирүүсү экспертти тарткан тарапка берилет. Экинчи тарап өзүнүн түшүндүрмөлөрүн берүүгө жана каршы пикирин билдирүүгө, ошондой эле экспертке кошумча маселелерди коюу жана кошумча же кайрадан экспертиза дайындоо жөнүндө суранууга укуктуу.

10. Кошумча экспертиза корутунду жетиштүү түрдө түшүнүктүү болбогон же толук болбогон учурда дайындалат жана ошол эле же башка экспертке тапшырылат.

Кайрадан экспертиза жүргүзүү эксперттин корутундусу негиздүү болбогон же анын тууралыгына шектенген учурда дайындалат жана башка экспертке тапшырылат. Кошумча жана кайрадан экспертиза жүргүзүү ушул беренеде каралган талаптарды сактоо менен дайындалат.

---

Мурунку берене: [134-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-134)  
Кийинки берене: [136-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-136)
