# 134-берене. Документтерди талап кылуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 15-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 августа 2026 года № 145 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230050101)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=45757..57656>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-134>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-134.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 134-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-134

---

1. Текшерүү жүргүзүүчү салык органынын кызмат адамы текшерилүүчү салык төлөөчүдөн текшерүү үчүн зарыл болгон документтерди талап кылууга укуктуу.

Документтерди берүү жөнүндө чечим даректелген салык төлөөчү, аларды мындай чечим тапшырылган күндөн кийинки күндөн тартып 5 жумушчу күндүн ичинде салык органына жиберүүгө же берүүгө милдеттүү. Айрым учурларда документтер салык төлөөчү күбөлөндүргөн көчүрмөлөр түрүндө берилет.

2. Салык төлөөчүнүн текшерүү жүргүзүүдө суралган документтерди берүүдөн баш тартуусу же аларды белгиленген мөөнөттө бербөөсү салыктык укук бузуу деп таанылат жана ушул Кодексте каралган жоопкерчиликке алып келет.

(КР 2026-жылдын 6-августундагы № 145 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [133-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-133)  
Кийинки берене: [135-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-135)
