# 133-берене. Иликтөө

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 15-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 августа 2026 года № 145 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230050101)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=45757..57656>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-133>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-133.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 133-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-133

---

1. Иликтөө жүргүзүүчү салык органынын кызмат адамы иликтөөнүн толук болушу үчүн мааниси бар жагдайларды аныктоо максатында ага карата иликтөө же документтерине, мүлкүнө салыктык контроль жүргүзүлүп жаткан салык төлөөчүнүн аймагын, жайын же транспорт каражаттарын иликтөөгө укуктуу.

2. Иликтөө жүргүзүүдө ага карата иликтөө жүргүзүлүп жаткан салык төлөөчү же анын салыктык өкүлү катышууга укуктуу.

3. Иликтөө жүргүзүүдө ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан белгиленген учурларда фото жана киного тартуу, видео жазуу жүргүзүлөт, документтердин көчүрмөлөрү алынат.

4. Иликтөөнүн жыйынтыгы иликтөө актысы менен жол-жоболоштурулат же текшерүү материалдарында чагылдырылат.

(КР 2026-жылдын 6-августундагы № 145 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [132-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-132)  
Кийинки берене: [134-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-134)
