# 132-берене. Салык органдарынын кызмат адамынын көчмө текшерүү, рейддик салык контролун жүргүзүү, салык постун орнотуу үчүн аймакка жана жайга жеткиликтүүлүгү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 15-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 августа 2026 года № 145 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230050101)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 06.08.2026 [Закон КР от 6 августа 2026 года № 145 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230050101); 29.10.2025 [Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=45757..57656>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-132>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-132.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 132-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-132

---

1. Салык төлөөчү көчмө текшерүүнү, рейддик салык контролун түздөн-түз жүргүзүүчү же салык постун орнотуучу (мындан ары ушул главада - текшерүүлөр) салык органдарынын кызмат адамын ал кызматтык күбөлүгүн жана ушул салык төлөөчүгө текшерүү жүргүзүү жөнүндө салык органынын жазма буйругун көрсөткөндө аймакка жана/же мүлк объектине жана/же жайга киргизүүгө милдеттүү.

Салык постун орнотууда, товардык-материалдык баалуулуктардын калдыктарын алууда жана рейддик салык контролун жүргүзүүдө. салык төлөөчү ишкердик иште колдонулуучу видеобайкоо тутумдарына кирүү мүмкүнчүлүгүн берүүгө милдеттүү.

2. Түздөн-түз текшерүү жүргүзүүчү салык органдарынын кызмат адамы салык төлөөчүнүн ишкердик ишти жүзөгө ашыруу үчүн колдонулуучу аймактарын же жайларын же болбосо көрсөтүлгөн объекттер жөнүндө иш жүзүндөгү маалыматтардын салык төлөөчү тарабынан берилген документтик маалыматтарга ылайык келишин аныктоо үчүн салык салуу объекттерин текшерүүгө укуктуу.

3. Текшерүү жүргүзүүчү салык органдарынын кызмат адамынын салык төлөөчүнүн аймагына же жайларына киришине мыйзамсыз тоскоолдук кылган учурда, ал адам тарабынан өзү жана салык төлөөчү кол коюучу протокол түзүлөт, анын негизинде салык органы салык милдеттенмесинин суммасын баалоонун кыйыр усулдарынын негизинде өз алдынча аныктоого укуктуу.

Салык төлөөчү көрсөтүлгөн протоколго кол коюудан баш тартса, анда тийиштүү жазуу жазылат.

4. Текшерүү жүргүзүүчү салык органынын кызмат адамынын салык төлөөчүнүн ишкердик иште колдонулуучу аймагына жана/же мүлк объектине жана/же жайларына жана видеобайкоо тутумуна киришине мыйзамсыз тоскоолдук кылуусу салык укуктарын бузуу деп таанылат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке алып келет.

5. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мындай уруксат зарыл болсо, салык органынын кызмат адамы салык төлөөчүнүн аймагына же жайларына кирүү үчүн уруксатты өзү менен ала жүрүүгө милдеттүү.

6. Салык төлөөчү салык органынын кызмат адамын текшерүү жүргүзүү үчүн аймагына же жайына төмөнкүдөй учурларда киргизбей коюуга укуктуу, эгерде:

1) жазма буйрук көрсөтүлбөсө же тапшырылбаса же болбосо белгиленген тартипте жол-жоболоштурулбаса;

2) жазма буйрукта көрсөтүлгөн текшерүү мөөнөтү келе элек болсо же бүтүп калса;

3) бул адам жазма буйрукта көрсөтүлбөсө;

4) текшерилүүчү салыктык мезгилге тиешеси жок документтер суралса.

7. Текшерүү жүргүзүүчү салык органынын кызмат адамынын турак жайларга аларда жашоочу жеке адамдардын эркине каршы кирүүсүнө, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача белгиленбесе, жол берилбейт.

(КР 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243, 2026-жылдын 6-августундагы № 145 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [131-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-131)  
Кийинки берене: [133-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-133)
