# 130-берене. ККМ колдонуу тартибинин сакталышын салыктык контролдоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 14-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 августа 2026 года № 145 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230050101)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 06.08.2026 [Закон КР от 6 августа 2026 года № 145 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230050101); 12.02.2025 [Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035); 03.04.2023 [Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112552)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=45757..57656>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-130>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-130.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 130-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-130

---

1. Салык органдары салык төлөөчү тарабынан ККМ колдонуу тартибинин сакталышын контролдоону жүзөгө ашырат.

2. Салык контролун жүргүзүүнүн жүрүшүндө төмөнкүлөр текшерилүүгө тийиш:

1) ККМ каттоо жана колдонуу тартиби;

2) ККМ бузулбагандыгы;

3) сатып алуучуларга же кардарларга контролдук-кассалык чектерди берүү;

4) сатылуучу товарларга, аткарылуучу жумуштарга, көрсөтүлүүчү кызматтарга баалардын же прейскуранттардын болушу;

5) ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форма боюнча контролдук-кассалык чекти талап кылуу зарылдыгы жөнүндө маалыматтын болушу;

6) ККМ колдонуунун типтүү эрежелерин сактоо;

7) контролдук-кассалык чектердин төлөөгө берилүүчү документтерге шайкеш келиши:

8) ККМ Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген техникалык талаптарга шайкеш келиши.

3. Контролдук сатып алуу салык органдары тарабынан ККМ колдонуу тартибинин жана талаптарынын сакталышын, анын ичинде сатып алуучуларга же кардарларга контролдук-кассалык чектердин берилишин контролдоо үчүн гана жүргүзүлөт жана мезгилдүүлүгү чектелбестен жүзөгө ашырылат.

Субъект тарабынан товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү эсепке алуу үчүн колдонулуучу фискалдык программалык камсыздоону пайдаланууда контролдук сатып алуу салык кызматынын органдары тарабынан контролдук-кассалык чектердин сатып алуучуларга же кардарларга берилишин, алардын төлөөгө берилген документтерге ылайык келишин контролдоо үчүн жүргүзүлөт. Контролдук сатып алууну жүргүзүү тартиби Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

4. Салык органдары ККМ жана ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык тутумдарында сакталган маалыматтарды салыктык контролду жүргүзүү учурунда колдонууга укуктуу.

(КР 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2025-жылдын 12-февралындагы № 37, 2026-жылдын 6-августундагы № 145 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [129-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-129)  
Кийинки берене: [131-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-131)
