# 13-берене. Салык салуунун аныкталгандыгы принциби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 13-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-13

---

1. Салык салуу аныкталган болууга тийиш.

Салык салуунун аныкталгандыгы салык милдеттенмелеринин келип чыгышынын, аткарылышынын жана токтотулушунун бардык негиздерин жана тартибин Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгилөө мүмкүндүгүн билдирет.

2. Салыктарды белгилөөдө, ушул Кодекстин XI жана XIV бөлүмдөрүндө каралган салыктарды кошпогондо, салыктардын ар бири боюнча салык салуунун бардык элементтери аныкталууга тийиш.

---

Мурунку берене: [Статья 12](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-12)  
Кийинки берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-14)
